Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Менингит илдети күч алды


Акыркы эки айдан бери өлкөдө менингит илдетине150дөн ашуун киши чалдыкты. Анын ичинен 59у менингококк инфекциясы деп аталган оор түрүнө кабылган.

Менингиттен быйыл 4 киши көз жумду. Ар бир он жыл сайын менингит оорусу өлкөдө жаӊы толкун менен күчөп жатат дешет адистер.

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасынын менингит бөлүмү акыркы мезгилде күчөтүлгөн тартипте иштеп, бейтаптарга жык толгон. Кырк орундук бул бөлүмдүн палаталарына киши батпай, коридордо да жатышыптыр. Төрт жаштагы уулуна менингит диагнозу коюлган Дамира айым да ушундай коридордо жаткандардын бири:

- Эртеӊ менен эле дене табы көтөрүлдү. Түшкө чейин парацетамол берип, арактан шыбасак түшкөн жок. Ошол анан түндө саат үч жарымдарда да температурасы 39-40 болду. Арактан шыбасак дагы болбойт анан тез жардам чакырдык. Алар дароо эле ушул жугуштуу оорулардын клиникасына алып келди. Анткени баламдын буттарында кызыл тактар чыгып, жылдызча жаралар пайда боло баштаган. Анан башын көтөрө албай ыйлап калган. Тез жардам догдурлары менингиттин белгилери экен дешти. Бул жактан врачтар менингит деп диагноз коюшту.

Менингит аба менен кишиге жуга турган жугуштуу дарттардын эӊ эле коркунучтуусу. Айрыкча, Африка чөлкөмүндө көп кездешкен менингиттин А түрүн жуктуруп алгандар убагында дарыланбаса тез эле абалы начарлап, көз жумушу ыктымал. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2012-жылы бул илдетке 88 миӊ киши кабылып, 5 миӊи каза тапкан. Алгач кадимки эле сасык тумоого окшош башталган менингиттин белгилерин бөлүмдүн баш дарыгери Канатбек Искенов санап берди:

- Жаӊы башталганда кишинин дене табы жогорулап, башы катуу ооруп, кусуп, кежигеси артка тартылып, кээ бир учурда денесине кызыл тактар чыга баштайт. Мындай оорулуу болсо дароо ооруканага кайрылышы керек. Канчалык эрте келсе, оорулуу үчүн ошончолук жакшы болот, канчалык кеч келсе арты кыйын болуп калат да, мээси шишип кетиши мүмкүн, шал болуп калат. Мына быйыл менингиттен 4 кишибиз кайтыш болуп калбадыбы, алар дароо эле жандандыруу бөлүмүнө түшкөн болчу.

Менингоккок инфекциясы делген бул оорунун А түрү өтө курч келип, ага чалдыккандар тез эле алсырап комага түшүүсү ыктымал. Дартты лабораториялык шартта, кишинин жүлүнүнөн суу тарттыруу менен аныктаса болот дейт 23 жылдан бери врач-терапевт болуп иштеген Айдай Абышкаева:

- Жүлүндөн суу алышат. Так ошол жүлүндүн суусунан менингоккок вирусу чыгат. Мындай ыкмасыз так диагнозду врачтар койо алышпайт. Кишинин мээсине кан куюлуп кеткенде жүлүндөн суу тарттырса кан чыгат эмеспи, ал эми менингитте жүлүндүн суусу саргыч тартып, ириӊ чыгат.

Менингитти жуктурбоо үчүн адам көп чогулган жерлерден оолак болуп, жашаган бөлмөлөрдүн абасын тез-тез алмаштырып туруу керек. Айрыкча, бала-бакчалардын, мектептердин бөлмөлөрүнүн абасын бат-бат алмаштырып, терезелерин ачып туруу зарыл дейт Канатбек Искенов:

- Коомдук жайлардан алысыраак болуп, маселен бала бакчаларда терезелерди ачып, бат-бат абасын алмаштырып туруу керек. Анткени менингоккок 37 градуста жашайт, эгер бөлмөдө аба андан муздагырак болсо өлүп калат.

Адистер бул жугуштуу илдет менен ооруган кишиге 2 метрден жакын аралыкта көп убакыт чогуу туруу да жуктуруунун бир жолу дешет. Дарттан оолак болуштун эӊ жакшы жолу, ар дайым таза абада сейилдеп, иммунитетти чыӊдоо дешет догдурлар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG