Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Сулуулук салондордон сарык жугууда


Украинадагы инфекциялык ооруканада жаткан ВИЧ оорулуусу.
Украинадагы инфекциялык ооруканада жаткан ВИЧ оорулуусу.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда тиш догдурдан, сулуулук салондорунан сарык, Б жана С түрүндөгү гепатитти жуктуруп алгандар арбууда. Айрыкча тырмак тегиздеген маникюр, педикюрдун аспаптары керек болсо айлап тазаланбагандыктан вирустун булагы болууда дешет адистер.

Бишкектеги Жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын Сарык бөлүмүндө дарыланып жаткандардын арасында да илдетти сулуулук салонунан жуктуруп алгандар арбын. Бирок алар ооруну кайдан, кантип «кармап» алышканын айткылары келбейт. Бир үй-бүлөдөн дароо эле эки баласы теӊ ооруп жаткан Зарина аттуу келиндин 3 жаштагы туӊгучу сарыктан айыгып ооруканадан чыкса, азыр бирден жаӊы ашкан кызы менен палатада дарыланып жатыптыр:

- Балам ооруп дарыланганына эки аптадай болгон. Анан бул жактагы врач эже кызыма да жукту го, баары бир байланыш болду деп калды. Анан мен кызымды эле аӊдып баштадым. Айткандай эле бир аптадан кийин кызымдын сийдиги башкача болуп, көзү саргайып, бул жакка келип анализ тапшырдык. Сарыктын жеӊил формасы экен. Азыр тамчылатма дары сайдырып жакшы болуп калды.

Жуулбаган колдун оорусу деп аталган сарыктын А түрү менен ооругандарды дарылоо жеӊил болот. Бирок Б жана С түрүндөгүсү оор келип, врачтарды бир топ бушайманга салууда. Азыркы мезгилде сулуулук салондорунан, менчик тиш догдурлардан ушундай оор формалар көп жугуп, бейтаптар келип жатканын бөлүмдүн дарыгери Чолпон Идирисова да ырастап, маникюр, педикюр жасагандар аспаптарын тазалабай эле кардар тейлеп жатканын айтты:

- Маникюр, педикюр кылгандар аспаптарын, ачык эле айтсак болот, эч качан тазалашпайт. Алар спирт менен сүртүп коёт. Спирттен бул вирус эч качан өлбөйт. Андан тышкары ширеңке же шам менен өрттөп коюшат экен. Мында да 100 процент айта алам, вирус такыр өлбөйт. Ошондуктан азыркы тапта, айрыкча жаштар арасында татуаж, маникюр, педикюрдан сарык жана гепатиттин ар кайсы түрүн жуктуруп алып келгендер көп болууда. Студенттер арасында өтө эле арбын.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жеке ишкердүүлүктү колдоо максатында сулуулук салондору, чач тарач же менчик тиш дарылаган борборлорду санэпидем кызматы бир жылда бир гана жолу текшергенге укуктуу. Текшерүү жүргүзүүдөн он күн мурда аталган кызмат бара турган күнү жана убактысын маалымдоосу шарт. Ушундай мыйзамдын айынан тейлөө тармагынын гигиенасы аксап жатканын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да ырастады:

- Биздикилер он күндөн кийин келгенде ал жерде баарын жакшынакай кылып тазалашып, баарын санитардык нормага салып коюшат. Биз мыйзам боюнча каалаган убакта бара албайбыз, каалаган жерибизди текшере албайбыз. Мыйзамга жатпайт мындай иш аракетибиз. Биз бир гана учурда, эгерде ошондой тейлөө жайындагы санитардык абал боюнча министрликке даттануу түшсө гана каалаган учурда барып текшергенге укуктуубуз.

Илдеттин бул түрүн жуктуруп алгандан кийин аны дарылоо да көп мезгилди, дары-дармекти талап кылат. Гепатиттин Б жана С түрү менен ооругандар адистердин каттоосуна алынып, мезгил-мезгили менен анализ тапшырып турууга милдеттүү. Ар бир киши өздүк гигиенаны сактаса жана тейлөө жайынан да ушуну талап кылса бул илдет токтомок дейт врач Идирисова:

- Ар бир кишинин өзүнүн мочалкасы, тиш щеткасы, сакал алгычы өзүнчө болушу керек. Бири-бириникин колдонуудан да ушундай вирустук оорулар көп жугат. Анан маникюр, педикюрга барбай койгула деп айта албайм, бирок барганда да өздүк аспаптарды гана колдонуп, ала барышса, же салондордун бир гана жолу колдонуп, ыргытып ийчү аспаптарды талап кылышса жакшы болот эле.

Илдеттин алдын алуу үчүн адамдар ар дайым тазалыкты сактап, тейлөө тармагынан да ошону талап кылганда жакырчылыктын илдети саналган сарыкты жана гепатиттин башка түрлөрүн жеӊүүгө болорун адистер бир ооздон айтышты.

XS
SM
MD
LG