Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Салижандын азил жана куйкум кептеринен – 2


Айтылуу Салижан Жигитов агайдын (1936-2006) эл оозунда калган азилдери, курч сыны жана куйкум кептери болочокку муундарга да сабак болчудай. Экинчи шиңгил (демек, уландысы бар).


Чер жазуу

Бир ирет Нуралы Капаров, Эрнис Турсунов, Салижан Жигитов, Шекербек Сартов агалар чогуу отуруп калат.

- Жагдай ушундай Салижан иним. Кез-кез ушинтип чер жазышып жүрөлү, - деп Эрнис аба Салижан акеге карады эле:

- Чер жазышалы дегениң туура, Эке. Бирок, бул Нуралы иниң экөөң, бириң отуруштун биринчи жарымын, экинчиң экинчи жарымын толук ээлеп, башкаларыбызга сөз бербей койдуңар го.

Жазылса... экөөңөрдүн гана чериң жазылбаса, калганыбыздын бугубуз былк этпей ошол эле бойдон калды, - деп Салижан аке токтогон тамашаны улап, тарсылдап күлдү...

(Н.Капаровдун эскерүүсүнөн).
Булак: http://www.presskg.com/km/09/0423_12.htm

* * * * *

Аялдар темасына тиши өтпөй...

"Аялдар темасына аралаша коём деп сөзгө катуу жыгылган жайым бар", - деп Салижан акенин эскергени эсимде:

- Өзүм кырдуу жоон топ теңтуш акын-жазуучулар менен аркы-беркини талашып-тартышып жатып, аялдар темасына кандай кирип кеткенибизди билбей калыптырбыз.

Адатымча аны айтса, ал андай эмес, мындай деп жыра талашып, муну айтса, мунуң мындай эмес, андай деп жыра талашып, сөз бербей билекти бек түрүп коюп, аялдар маселесин билерман болуп жалгыз өзүм "бачагын чыгарып" чагып атсам, калың топко аралашпай, кезек-кезек мурдун кашып, мойлосун жанып, аркы четте талаш сөзгө кулак салып турган досум, эркек тананын чырайлуусу Мырза Гапаров чыдабай кетсе керек, жакын басып келип:

"Ай, Салижан, сен кайсы гана темада талашып-тартышпа, мен сенин айткандарыңа макул дебеске аргам жок. Себеби сен менден ого эле көптү билесиң, билимдүүсүң. Сен турган жерде мен сен мыкты билген маселелерди талашып-талкуулабайм. Бирок, сен да мен турган жерде мен мыкты билген аялдар маселесине аралашып, талаш-тартышка түшпөй жүрчү, бай болгур”, - деп сөзгө сындырса болобу!

Ошондон кийин бул маселеден таптакыр кол үзгөм...


(Н.Капаровдун эскерүүсүнөн).
Булак: http://www.presskg.com/km/09/0403_12_13.htm

* * * * *

Хандык темасы тууралуу

...Францияда жылына 1200-1300 роман жарыяланат экен. Жыйырма жылдагысын эсептеп көрүшсө, ошончонун арасынан бир-экөө гана окурмандардын суроосу боюнча кайра басылат экен.
Анан эми бизде акын-жазуучу көп. Кичине байып алгандары жазып атат, бирок өзүнүн уруусунан киши чыкса ошону.
Не дейт, «Ормон хан» дейт. Кыргыз эми, ханы жок болсо деле, ханы бар элдерди туурагысы келет да, бечара.
Кыргыз өзү ар кимди "хан" дей берет. Мисалы, Рахманкул хан дегени бар. Аныкы хандык эмес, карамагында бир сельсоветке жетпеген эли бар экен.

Булак: http://kmb3.kloop.kg/?p=1591

* * * * *

"Жазуучулар Биримдиги" уюму керекпи?

Жазуулар союзунун кереги жок, жаңысынын да, эскисинин да…
Союз пайдасын 5-6 эле киши көрүп келатат. Алар жазуучуларга кам көрүмүш болуп, өкмөттөн акча алат же дагы бир нерсесин алат, болду.
Секретарлары жазуучулар өлгөндө барып элдин алдында сүйлөп койгону эле болбосо, а өлө элегинде эч кимисинен кабар албай атпайбы…

(“Кыргыз маданияты” гезитинин кызматкерлери менен баарлашуусунан).

Булак: http://kmb3.kloop.kg/?p=1591


* * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG