Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Мысырдын “жаңы фараону” Хосни Мубарак тууралуу азилдер – 2


Мысырдын (Египеттин) президенти, “түшпөс хан (“фир’аун” - фараон)” атка конгон Хосни Мубарак (Hosni Mubarak) тууралуу саясий анекдоттор элдик толкундоолор маалында ого бетер көп айтыла баштады. Калайык 30 жылдан көп мезгил бою өлкөдө авторитардык режимди башкарып турган төбөлдү азил аркылуу сынга алууда.


* * * * * * *

АКШда да атактуу

Бир жолу АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон өзү кайра шайланаар маалда Жакынкы Чыгыштагы өнөктөшү, Мысыр президенти Хосни Мубаракка кайрылат.
- Кайра шайлануу жаатында Сиздин чоң тажрыйбаңыз бар эмеспи. Мага көмөк кылсаңыз.
- Жарайт. Мен кеңешчилеримди силер жакка - мухиттин ары жагына аттандырайын.
Чын эле Мубарактын кеңешчилери АКШга келишет да, эң татаал деген штатта шайлоо өнөктүгүн жүргүзө башташат.
Акыры шайлоо күнү да келди. Шайлоонун эртеси да болду.
Добуш санай келишсе, ошол штаттагы шайлоочулардын 90 пайызы Хосни Мубарак үчүн добуш берип салышыптыр.


* * * * * * *

Мысырды бактылуу кылганда

Президент Хосни Мубарак өзүнүн кеңешчилери жана башка жөкөрлөрү менен Каир шаарынын үстүндө учуп келатат.
Мубарак капчыгынан бир миң АКШ долларын алып, бул акчаны кантип ыгы менен колдонуп, жалпы мысырдыктарды бактылуу кылууга болоорун акыл кошчулардан сурайт.
Анын кеңешчилеринин бири:
- Урматтуу Раис! Эгерде Сиз бул акчаны учак терезесинен ыргытсаңыз, мысырдык бир үй-бүлө бактылуу болоор эле.
Экинчи кеңешчи:
- Урматтуу Президент! Эгерде Сиз эки үй-бүлөнү бактылуу кылгыңыз келсе, анда ал акчаны экиге бөлүп, эки башка тарапка ыргытсаңыз болот.
Үчүнчү кеңешчи да жөн чыдап турган жок:
- Урматтуум, менин мындан да артык оюм бар. Бардык мысырдыктарды бактылуу кылуу үчүн бул акчаны кайра капчыгыңызга салып алыңыз да, терезеден өзүңүз эле секирип кетиңиз.

* * * * * * *

Кудайдан коркпостон...

Бир жолу Кудай Азирейилди өзүнө чакырып алат да, Хосни Мубарактын жанын сууруп кел, - деп Мысырга жөнөтөт.
Берки байкуш токмок жеп, көгала болуп, эптеп кайра кайтат:
- О Жараткан! Мен Мысыр президентинин башсарайына жетээр замат Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жаналгычтары туткунга алды. Соо жеримди калтырбай токмоктошту. Чала жан калганымда алар колдору менен зекип туруп мени бул жакка кайтарышты.
- Деги, алиги тапшырманы сага ким бергенин эч кимге айткан жоксуңбу? – дирилдеген үнү менен Кудай Азирейилден сураптыр.

* * * * * * *

Азирейил менен баарлашканда

Ажалдын келгенин жарыялаш үчүн Жерге жөнөтүлгөн Азирейил периште Мысырга келип, Хосни Мубарактын өзүнө жетет да, ага өтө олуттуу кабарды угузат:
- Эми сен жалпы улутуң менен коштошуп ал.
Анда Мубарак таңдана жооп узатыптыр:
- Кызык, ушунча элди бүт алып кетип жатасыңбы?

* * * * * * *

Аңкоо вице-президент

Ыраматылык президент Гамал Абдел Насер бийликке келгенде, өзүнөн тизгин талашпасын үчүн аңкоороок саясатчыны вице-президенттикке издейт да, Анвар Садатты тандайт.
Садат болсо кийин президент болгондо өзүнөн аңкоороок киши издеп, акыры Мубаракты тандайт.
Ал эми Хосни Мубарак болсо президент кызматын аркалап калганда өзүнөн аңкоороок саясатчыны таптакыр таба албай, вице-президенти жок эле бийлеп калыптыр.

(Эскертүү: бул – эски анекдот. Соңку элдик толкундоолор маалында Мысырда вице-президент кызматы калыбына келтирилди).

* * * * * * *
(Ар кыл интернет барактардан иргелип алынды).
ТCh.
XS
SM
MD
LG