Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Эски совет азилдеринен


Өтө кызыктуу бир нерсени байкадым.

Эгерде беларус же украин спортчулары утулуп калса, анда орусиялык басылмаларда мындай жаңылык чыгат экен:

"Беларус (же украин) спортчусу утулуш ызасын тартты".

А кокус, кудай буюруп, тигил беларус (же украин) утуп калчу болсо...

Анда орусиялык басылмалар шаңдуу жаңылыкка толот да калат:

"Советтик спорт мектеби жеңишке жетишти".

* * * * *

Маскөөдөн үналгы убакыт канча болгонун эскертип жатат:

"Маскөөдө саат 15, Свердловск шаарында - 16, Томск шаарында - 17, Иркутта 18, Владивостокто - 23..."

Агы угуп турган киши ачууланыптыр:

"Бул өлкөдө бүт баары башаламан!"

* * * * *
XS
SM
MD
LG