Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

"Инстаграмдан" асылгандардын "иттиги"


"Инстаграмдагы" фейк баракчалардын бири.
"Инстаграмдагы" фейк баракчалардын бири.

Cоциалдык тармактардын популярдуулугу арткан сайын алардан жапа чеккен колдонуучулар да көбөйүп жатат. Минтип жабырлангандардын арасында өспүрүмдөр да бар. Жасалма аккаунттар аркылуу алардын аброюна шек келтирген учурлар кездешүүдө.

Аты белгилүү себептер менен Майрам деп өзгөртүлгөн 14 жаштагы өспүрүм Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Декабрь айында анын атынан белгисиз бирөөлөр «Инстаграм» баракчасынан жасалма аккаунт ачып, кыздын өзүнүн сүрөттөрүн, ага кошо башка бирөөлөрдүн уят сүрөттөрүн жана видеолорун жүктөп, «катнашка барууну каалагандар чалгыла» деп Майрамдын жеке телефон номерин жазып калтырган. Бул окуядан кийин өспүрүм кыз мектепке бара албай калган.

- Тууган эжебиз чалып, «ушундай аккаунт ачып, ушинтип жатыптыр» деп айтты. Мектептегилерге, туугандарыма, бардык тааныштарыма жазылып коюптур, - дейт ал. - Мектепке барсам баары мени шылдыңдачудай болду. Ошонун айынан мектепке бир жума бою барган жокмун. Мектептегилер, үйдөгүлөр, РОВДдагылар «эч нерсе болбойт, биз аны табабыз» деп жатып тынчтандырышты.

Апасы Айнуранын айтымында алар бул фейк аккаунт тууралуу 9-январда билишкен. Жүктөлгөн сүрөттөргө караганда аккаунт 20-декабрдан баштап иштей баштаган. Апасынын айтымында, Майрам бул жагымсыз окуя тууралуу билгенде психологиялык оор абалга кирептер болгон.

- Кызыбыз бул жөнүндө укканда, көргөндө аябай жаман абалда болду, аябай депрессиялык абалда болду. Дарыгерлерге кайрылып, неврологдорго, психологдорго кайрылганга туура келди, - дейт кыздын энеси.

Фейк аккаунт тууралуу билгенден кийин Майрамдын ата-энеси алгач ал жасалма баракка жаап салууну өтүнүп комментарийлерди жазышкан. Бирок жасалма аккаунттун ээси аларды блоктоп салган. Ушундан улам кыздын ата-энеси шаардык милицияга арыз жазган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева комментарий берди:

- Бул факт 2019-жылдын 11-январь күнү Свердлов районунда катталып, 14 -январь күнү Жоруктар жөнүндө кодекстин 130-беренесинде камсыздалган сотко чейинки материалдар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында текшерилген. Бул тууралуу азыркы учурда сотко чейинки иштер каралып жатат. Ушул маалда белгисиз адамдын өздүгүн тактоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Ушул сыяктуу эле окуяга Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун биринде 3-курста окуган Айпери да кабылган. Белгисиз бирөөлөр анын «Инстаграм» баракчасын ача турган сыр сөздү билип алып, башка кыздын уят сүрөттөрүн жүктөп, ал тургай кызды шантаж кылган.

- Декабрдын башында түндө «Инстаграмга» кире албай калдым, - дейт ал. - Паролумду өзгөртүп, дароо эле жаман сүрөттөрдү киргизе баштады. Атайын мен деп ойлосун деп, мага окшогон чачы кыска кыздардын сүрөттөрүн коюп жатты. Мен ошол замат жаңы аккаунт ачтым. Анан ошол аккаунтума бир-эки күндөн кийин эле эски аккаунтумдан жазды, «сенин паролуң менде, эгер алгың келсе, мага жылаңач сүрөттөрүңдү жибересиң» деди. «Эгер андай сүрөттөрүңдү жибербесең мен жылаңач сүрөттөрдү жасап, сен кылып, аны Интернетке жайып жиберем» деди. Мен коркконумдан андан кийин «Инстаграмга» кирбей калдым.

Айпери бул окуя тууралуу милицияга кайрылган эмес. Анын ордуна достору менен бирге «Инстаграмга» ал баракты жаап салууну суранган каттарды жөнөтүшкөн. Бирок эмгиче ал аккаунт жабылган эмес. Ал тургай ал барактын жазылуучулары көбөйүп жатыптыр.

Адистер ушундай жагдайларга кирептер болбош үчүн социалдык тармактарга катталуудан мурун алгач алардын эрежеси жана шарттары менен таанышып чыгууну сунуш кылышат.

Социалдык тармактардагы фейк аккаунттарды жабыш үчүн катталган компанияга кантип билдирүү жиберүү керек экенин Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мокешов айтып берди:

- Өзүбүздүн фотону, мамлекеттик стандарттагы өзүбүздү тастыктаган документти сканерлеп, «Инстаграмдын» арыздарды кабыл алуу бөлүкчөсү бар, ошол жерге жиберебиз. Же болбосо «Гуглга» «help.instagram.com» деп жазса, ошол жерде кимге жибериш керек, кандай, кантип жибериш керек – бүт баары жардам түрүндө көрсөтүлүп берилген. Ал эми «Фейсбукта» болсо «facebook.com help» деген жери бар.

Жолдошбек Мокешов аккаунттун сыр сөзү да абдан маанилүү экенин айтып, анын кандай болушу керек экенин түшүндүрдү:

- Пароль - анын сыр сөзү, аны эч ким билбеш керек. Курамы жок дегенде бир чоң символ, кичинекей символ, мисалы үчүн доллар белгиси сыяктуу, ошондой эле цифралар менен түзгөндө пароль кичине кооптураак болот. Көбү паролду «1111» деп түзүп коюшат, же өзүнүн, апасынын атын коюп коет. Азыркы хакерлер, башка колдонуучулар аны оңой эле таап алышат. Ошондой эле соцтармакка киргенден кийин демек башка программалар иштебеши керек, документтер ачылбашы керек. Ал эми хакерлер канчалык көп нерсе ачык болсо, ошол жакка чабуул коюп, ал жактан маалыматтарды чогултуп алышат.

Ошондой эле адистер социалдык тармактарда өзүнө тиешелүү жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү жүктөөдө өзгөчө этият болуш керек экенин эскертишет. Алардын айтымында, сиз аларды жүктөп, кайра өчүрүп койсоңуз деле ал маалыматтар серверде сакталып кала берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG