Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Иранда коронавирустан көз жумгандар көбөйдү


Ирандагы коронавируска чалдыккан бейтап жана медайым.
Ирандагы коронавируска чалдыккан бейтап жана медайым.

Иран 26-мартта коронавирустан 157 киши өлгөнүн билдирди. Ушуну менен Жакынкы Чыгыштагы бул мамлекетте ушул илдеттен жалпысынан 2200дөн ашуун киши каза тапты. Өлкө жетекчилиги COVID-19 илдетинин экинчи толкуну капташы мүмкүн деген коркунучтан улам шаар аралык аба жана жол каттамдарын токтотту. Буга калктын тыюуга карабай Нооруз майрамдарына байланыштуу ары-бери саякаттоону улантып жатканы түрткү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киануш Жаханпур маалымат жыйынында билдиргендей, Иранда инфекциянын жайылышы уланып жатат.

Расмий Тегеран «Чек арасыз дарыгерлер» кайрымдуулук уюмунун Исфахан шаарына 50 орундук убактылуу оорукана куруп берүү тууралуу сунушун четке какты. Ошондой эле Ирандын жетекчилиги Кошмо Штаттардын дагы гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча сунушунан баш тартып, эгер АКШ жардам бергиси келсе Тегеранга салынган экономикалык санкцияларды жоюп салышы керек экенин айткан.

XS
SM
MD
LG