Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Тегеран авиакырсык тууралуу маалымат бөлүшүүнү токтотту


Тегеранда кулап түшкөн лайнердин калдыктары. 9-январь, 2010-жыл. Иран.
Тегеранда кулап түшкөн лайнердин калдыктары. 9-январь, 2010-жыл. Иран.

Иран бийлигинин өкүлү билдиргендей, Тегеран Киевге Иранда атып түшүрүлгөн учак тууралуу далилдерди бөлүшүүнү токтотот. Бул кадамга алар тергөөнүн аудиосу украин маалымат каражаттарына чыгып кеткенден кийин барышкан.

Жарым-жартылай мамлекеттик деп саналган "Mehr" агенттиги Ирандын Жарандык авиация мекемесинин өкүлү Хасан Резаифарга таянып, бир күн мурда чыгып кеткен аудиого байланыштуу ушундай чара кабыл алынганын 3-февралда жазды.

"Украин авиакомпаниясынын кырсыкты иликтөө боюнча тобу украиналык учак менен катарлаш бараткан лайнердин учкучтарынын сүйлөшүүлөрү жазылган жашыруун аудиофайлды жарыялап салышкан".

Жекшемби күнү жарыяланып кеткен аудиодо ирандык "Aseman Airlines" авиакомпаниясына караштуу "Fokker 100" учагынын эки учкучунун перс тилиндеги сүйлөшүүсү жазылган. Ирандын Шираз шаарынан Тегеранга бараткан лайнердин учкучу өз пикири менен бөлүшүп, ракета тийгенден кийин жарылуу болгонун айтып жатат.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйрап калган. Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган. Жүргүнчүлөрдүн көбү Ирандын жана Канаданын жарандары болгон. Каргашадан төрт күн өткөндөн кийин гана Иран учакты кокусунан атып алганын мойнуна алган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG