Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Олимпиада-2020: Кош бол, Токио!

Токиодо жекшембиде XXXII жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталып, жабылуу салтанаты стадиондо көрөрманы жок өттү. Олимпиада эстафетасы Парижге берилди (2024-жыл).

Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылган. Мелдешерде 206 өлкөдөн келген 11 миңден ашуун спортчу күч сынашты. Медалдар топтомунда 39 алтын, 41 күмүш, 33 коло байгеси меенен АКШ биринчи орунду ээледи. Кытай АКШдан бир гана медал аз алып, жалпы эсепте экинчи орунга жазылды. Үчүнчү орунга Жапония өлкөсү жайгашты.

Ал эми Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG