Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Жапонияда кемедеги 61 адамдан коронавирус табылды


Йокохама портундагы круиздик кеме. 6-февраль, 2020-жыл.
Йокохама портундагы круиздик кеме. 6-февраль, 2020-жыл.

Жапониянын Йокохама портунда карантинде турган круиздик кемеде коронавирус жугузуп алгандардын саны 61 кишиге жетти.

Бийлик инфекция аныкталган бейтаптар атайын даярдалган ооруканаларга жөнөтүлүп жатканын билдирди. Кемеде бир нече өлкөнүн жарандары, бардыгы болуп 3 700 киши бар.

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Гонконгдон Окинава аралына келе жаткан дагы бир круиздик кеменин чет өлкөлүк жүргүнчүлөрү Жапонияга киргизилбей турганын, себеби ал кемеде да коронавирус боюнча шектүү бейтаптар бар экенин айтты.

Кытайдын өзүндө өпкөнү сезгенткен бул вирустан 636 киши каза болду. Алардын арасында бул илдет тууралуу алгачкылардан болуп коңгуроо кагып чыккан 34 жаштагы дарыгер Ли Вэньлян да бар.

Кытайда жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул вирусту жуктуруп, ооруканага жаткырылгандардын саны 31 миң кишиден ашты.

XS
SM
MD
LG