Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Жарыгы жок отурган Жазы-Кечүү айылына электр линиясы тартылып жатат


Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына электр жарыгы тартыла баштады.

1960-жылдан бери эл жашаган айылга 1-сентябрда биринчи жолу электр жарыгы келет. Жалал-Абад электр ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан 18 чакырым аралыктагы линия тартууга киришти. 25 млн. сомдук долбоорду аталган мекеме өз каражатынын эсебинен жүргүзүүдө.

6-июнда Жазы-Кечүү айылында алгачкы мамычаларды орнотуу иш- чарасына Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыс жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тактап айтканда 600дөй адам жашайт. Айылда 100 орундуу мектеп жана ФАП бар. Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылынын жашоочулары электр жарыгы жок күн кечирип келишкен. (RsK)

XS
SM
MD
LG