Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Жээнбеков: Жаңы мектептердин курулушу токтобойт


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Кеңеш айылы, Нарын облусу. 20-август, 2020-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Кеңеш айылы, Нарын облусу. 20-август, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта "Биринчи радиого" маек куруп жатып, жаңы окуу жылына карата жаңы мектептерди куруу иши учурабай турганын айтты:

"Билесиздер, Нарын районунун Кеңеш айылындагы вагон-мектеп бүт республикага таанылган. Ошол мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп жатканын көрүп келдим. Ал жердин эли менен жолуктум, сүйлөштүм. Аймактардагы авариялык мектептерди оңдоо жана ооруканаларды ондоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде өзгөчө маани берип жатабыз. Бюджеттик тартышсыздык болсо да, жаңы окуу жылына карата жаңы мектептердин жана ооруканалардын курулушу токтобойт. Иш үзгүлтүксүз жүрөт", - деди мамлекет башчы.

Өкмөттүк комиссия былтыр Кыргызстан боюнча 245 мектеп авариялык абалда деп тапкан. Анын 117синин ордуна республикалык бюджеттин, чет элдик фонддордун жана Бишкек, Ош мэрияларынын эсебинен жаңы мектептер курулат.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 2020-жылы бекитилген тизме боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 29 авариялык өтө оор абалдагы мектептин имараты жаңыланып, курулушу жүрүп жатат. Быйыл он бир мектеп бүткөнү турат. Мындан тышкары коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустары курулууда.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектепте 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG