Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Кабулдагы кол салууда 25 киши каза тапты


Чабуул коюлган сикх азчылыгынын ибадатканасынын ичи. 25-март, 2020-жыл.
Чабуул коюлган сикх азчылыгынын ибадатканасынын ичи. 25-март, 2020-жыл.

Ооганстандын баш калаасында сикх азчылыгынын ибадатканасына коюлган чабуулдан кеминде 25 кишинин өмүрү кыйылды. Коопсуздук күчтөрү туткунга алынган 80дей адамды куткарып чыгышты. Ички иштер министрлиги канча адам кол салганын билдирген жок, бирок алардын баары жок кылынганын кошумчалады.

Кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз мойнуна алды. Каза тапкандардын арасында бир наристе да бар.

Окуя сикх азчылыгынын өкүлдөрү ибадатканага таңкы сыйынууга чогулган кезде болду.

Кабулдагы АКШ элчилиги жана «Эл аралык мунапыс» уюму кол салууну айыпташты.

Ооганстанда сикх азчылыгына кирген 300дөй түтүн бар. Алар такай экстремисттик топтордун чабуулдарына дуушар болуп келишет.

XS
SM
MD
LG