Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Кабулдагы сикхтердин ибадатканасына чабуул коюлду


Чабуул коюлган райондогу ооган күчтөрү. 25-март, 2020-жыл. Кабул.
Чабуул коюлган райондогу ооган күчтөрү. 25-март, 2020-жыл. Кабул.

Куралчан белгисиз адамдар жана террорчу-жанкечтилер Ооганстандын баш калаасындагы сикх азчылыгынын ибадатканасына чабуул коюшту. Анын ичиндеги 100дөй адам туткунда калганын бийлик өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиришти. Кимдер кол салганы жана алардын саны белгисиз. Сикх азчылыгынын парламенттеги өкүлү Нарендер Халса ибадатканада таңкы сыйынууга барган 150дей киши болгонун, алардын арасында аялдар жана балдар көп экенин маалымдады.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, учурда коопсуздук күчтөрү районду курчап, кол салгандар менен атайын күчтөрдүн ортосунда атышуу болду.

Мекеменин билдиришинче ибадаткананын ичиндеги адамдарды аман-эсен чыгарып алуу максатында кылдат операция жүргүзүлүп жатат.

30 миллион калкы бар Ооганстанда учурда миңдей гана сикх жана индустар жашайт.

XS
SM
MD
LG