Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:55

Рамзан Кадыров: Үйлөнө тургандарга калың төлөөгө жардам берем


Орусиянын Чеченстан аймагынын лидери Рамзан Кадыров. 1-декабрь, 2016-жыл.
Орусиянын Чеченстан аймагынын лидери Рамзан Кадыров. 1-декабрь, 2016-жыл.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров үйлөнө турган 207 жигитке калың төлөгөнгө 50 миң рублдан берүүнү тапшырды. Каражат анын атасы Ахмат Кадыровдун атындагы фонддон бөлүнөрүн Чеченстандын Дин башкармалыгы 7-июнда "Инстаграмдагы" баракчасында кабарлады.

Акча үйлөнүүгө камынып жатып коронавирус пандемиясына байланыштуу акчадан кыйналып калган жигиттерге берилет.

Пандемияга байланыштуу аймакта той өткөрүү эрежелери да өзгөрдү. Муфтият 25-майга чейин тойлорду чоң шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салган. Эми үйлөнүү үлпөткө түгөйлөрдүн жакын туугандары гана катыша алышат.

Рамзан Кадыров 21-майда ооруканага түшкөнүн, ал коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн экенин бир катары орусиялык медиалар жазып чыгышкан. Бирок ал өзү бул маалыматты четке кагып, жөн эле "диспансеризацияда болгонун" айткан.

XS
SM
MD
LG