Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Шаардык малчынын жайлоосуна саякат


Кара-Кужурдагы балбал таш
Кара-Кужурдагы балбал таш

Мал жандуу кыргыз шаарга көчүп кетсе да, тоодо мал багуунун жаңыча ыкмасын таап алды. Туугандарына мал бактырып, өздөрү баш-көз болуп, дасторконунан эт, кымыз, каймак үзүлбөйт.

Өткөн жайда ошондой жаңы шаардыктын Кара-Кужур жайлоосундагы фермасына барып калдым.

Ашыр Бишкекте иштейт. Үч баланын атасы Кара-Кужурдагы бабалары мал баккан жайлоодо топоз, уй, жылкы кармайт.

Кара-Кужур деп аты айтып тургандай, Көл менен Нарындын ортосундагы бул жайлоодо шамал кулактын кужурун алып, такай согуп турат. Ал себептен бул бийик жайлоодо кар токтобой, мал кышкысын да өзү тоют таап алат. Ушундан улам Ашыр малга дээрлик чөп камдабайт.

Ашырдын Кара-Кужурдагы өзү салдырган үйү
Ашырдын Кара-Кужурдагы өзү салдырган үйү
Мал кармагандын дагы бир артыкчылыгы бүгүн базарда сатылган азык-түлүктүн тазалыгы күмөндүү болуп калбадыбы. Ашыр болсо жайлоодо багылган топоздун этин союп келип, өздөрү салып жешет, калганын урук-туугандарына таркатат, ресторандарга өткөрөт. Казакстандан бери сурагандар бар экен.

Ашырдын айтымында, Кара-Кужур деңиз деңгээлинен 3000 метр бийик жер болгондуктан, мында эң чыдамдуу мал - топоз. "Азыр базарда кандай эт сатылып атканын билбейбиз. Малды семирсин, оорубасын деп дары берип багып жатышпайбы. Бизде болсо өзүбүздүн малдын эти үзүлбөйт", - деди маектешибиз асфальты жок даңгыр жолдо Мицибусинин айдап баратып.

Биологиялык таза азык-түлүк базары бүгүн дүйнөдө күн санап өтө кирешелүү тармакка айланып келатат. Бирок ал үчүн мыйзам иштеген шарт керек. Мыйзамга жараша биологиялык тазалыктын шарттары сакталганы кепилденгенден кийин, көп кардарлар бүгүн таза эт, сүт үчүн базардагыдан балким үч-беш эсе кымбат төлөөгө да кайыл.

Кыргызстанда азырынча андай шарттар түзүлө элек. Иран, араб өлкөлөрүнө эт алып кеткендер бар деп угабыз, бирок таза биологиялык азык өндүргөндөр бир ассоциацияга биригип, стандарттары иштелип чыга элек. Мыйзамдар да азырынча Ашырга окшогон өндүрүүчүлөрдү базар атаандаштыгынан коргобойт.

Кой, уйду малчы караган менен, топоз өзүнчө жүрө берет. Анан кантип кайсы топоз кимдики экенин билишет? Көрсө мунун өз ыкмасы бар экен:

- Ар бирибиздин өзүбүздүн тамгабыз бар. Топозчулар күндө чыгып, карап, тактап турушат. Беш-алты күн карабай койсо, коңшуларга өтүп кетет. Баары бир караш керек.

Кара-Кужурдун жолу
Кара-Кужурдун жолу
Ашырдын айтымында, топоздун эти уйдукундай эле даамдуу, бирок тоодо уйдун этин 3-4 саат бышыруу керек. Жашыраак топоздун этинен беш бармак, чучук жасаса болот экен.

Кара-Кужурга Ашырдын Бишкектеги жумушу бүткөндөн кийин кечинде сапар тарткан элек.

Кочкордон өтө бергендеги Сары-Булак деген жерден солго бурулган бойдон бир сааттан бери өрлөп эле келатабыз. Айланабыз көзгө сайса көрүнгүс караңгы түн.

Бир мезгилде тоо боорунан жарыгы жылдыздай жайнаган конуш көрүндү. Көрсө, айылдын борбордук көчөсүн Ильичтин жарыгы жаркыратып турган экен.

Кара-Кужур Бишкектен болгону 4-5 сааттык жер эмеспи, бул жакка жарык советтик доордо эле тартылыптыр. Маектешибиз мурда малды туугандарына каратчу, азыр айылдаштарынын арасынан киши жалдап, кадимкидей келишим түзүп бактырат.

Дем алыш сайын болбосо да, айына 2-3 жолу чаап келип, малга көз салат. Кээде жоро-жолдошторун чакырып коноктосо, кээде өздөрү эле эс алып кетишет экен. Ээси келатканын уккан малчылар эки бөлмөлүү үйгө от жагып, чай даярдап турушат.

Жай болсо да кечкисин мында кадимкидей суук. Ал эми жаан жааса, кышкы кийим кийүүгө туура келет.

Мал баккан сонун дечи, бирок өзүң карагандай болбойт экен. Ашырлар келгенде кымыз жок калыптыр. «Жок дегенде каймак барбы?» деп жалдыраган кожойкеге койчу «уй саалбай калыптыр» деп колун жайды.

Ооба, дем алышта Бишкектен Кара-Кужурга кетип калсаңыз болот. Албетте оңой менен киши жете албаган тээ алыскы Аксай, Арпа менен салыштырып болбойт деңизчи.

Ошол эле убакта, шаардан туруп, мал кармайм десеңиз, Кара-Кужурда сизди мына ушундай бир аз убаралуу, бирок романтикалуу түндөр күтөт.

XS
SM
MD
LG