Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

"Алла ыраазычылыгы үчүн" үй кургандар


Муктаж мусулмандарга үй куруп жаткан жигиттер. Ак-Төбө облусунун Акшат айылы. 14-апрель, 2013.
Муктаж мусулмандарга үй куруп жаткан жигиттер. Ак-Төбө облусунун Акшат айылы. 14-апрель, 2013.

Казакстандын Ак-Төбө облусундагы момун мусулмандар арасында “сооп жарыш” деген өнөктүк пайда болду.

Анын алкагында “Алла ыраазычылыгы үчүн” деген жигиттердин тобу Акшат айылында багар-көрөрү жок, жетим-жесир, колу жука адамдарга арнап, турак-жай курушууда. Бул саамалык менен “Азаттык” радиосунун Казак кызматынын аймактагы кабарчысы Жанагүл Журсин таанышып келди.

Облус борбору Ак-Төбөдөн 11 чакырым алыста жайгашкан Акшат айылы кан жолдон 3 чакырымдай четте турат. Айылдын чекесиндеги жаңы турак үйлөр курулуп жаткан жерди жергиликтүүлөр “новостройка” деп аташат. Мына ушул “новостройкада” актөбөлүк динзарлардын өзүн “Алланын ыраазычылыгы үчүн” деп атаган тобу жакыр мусулмандар үчүн 4 батир курушууда.

Курулуштун жетекчиси, өзүн “курулуштун прорабымын” деп атаган Нуржан Бесайдаров соопчулук үчүн курулуп жаткан үй тууралуу буларды айтты:

- Бул үйдүн узундугу 20 метр, туурасы 12 метр. Кудай буйруса, күзгө чейин ар бири 60 чарчы метрлик төрт батирди бүткөрүүбүз керек. Бир чатырдын астындагы эки батирдин эшиги түштүккө, экөөсүнүн эшиги түндүккө карайт. Үй ээлерине ваннасын жана башка жагдайларды жасап беребиз.

Нуржан Бесайдаров менен чогуу дем алыш күнүн соопчулукка арнаган жигиттердин бири мугалим болсо, экинчиси - мунайчы, үчүнчүсү - күзөтчү болуп иштейт. Алар бул үйдүн дубалдарын тургузуп берели деп өздөрүнө милдеттенме алышыптыр.

Акшат айылындагы курулуштан бир көрүнүш. 14-апрель 2013
Акшат айылындагы курулуштан бир көрүнүш. 14-апрель 2013
Төрт батирлүү үй камыштан салынууда. Усталардын айтканына караганда, камыш үй жазда салкын, кышкысын жылуу болот. Чыгымы да көп эмес. Бирок көп колду талап кылат.

Эски “Жигулинин” жүк салгычына жана арткы орундугуна бир нече кап кумду жүктөп келип, “соопчулук үчүн” деп таштап кеткен жигитти курулушчулар тааныбайт да экен. Айылдын эли да бул үй “Алланын ыраазычылыгы үчүн” салынып жатканын эшитип, колунан келген жардамын берип жатыптыр.

Нуржан Бесайдаров алар элге өзүбүздү көрсөтөлү деп иштеп жатышпаганын баса белгилеп, үй курулуп жаткан он сотых жерди да Кудай деген такыба адамдардын бири берген дейт:

- “Оң колуң менен иштегениңди сол колуң билбесин” деген кеп бар эмеспи. Мына бул 10 сотых жерди дин жолунда жүргөн азаматтардын бири берди. Аты-жөнүн билбейбиз. Өзүн көргөн да жокпуз. Телефонун да таштаган эмес.

Жаңа-Жолдогу мунай кенинде иштеген башка бир Нуржан деген жигиттин айтышынча, базарда иштеген динзар бирөө 7 куб метр тактаны жарым баасына - 2000 теңгеге бериптир. Бирөөлөр курулушка келип иштеп берсе, актөбөлүк динзар жигиттер курулуш материалын сатып алганга акча жыйнап беришиптир. Акча бере албагандары жыгач калыпка дастелеп камыш жаткырып байлашат экен.

Акшаттагы соопчулук курулушуна түштөн кийин жардамдашканы келген Асланбек Меркашев деген жигит алардын жамааты муктаж мусулмандардын бардыгына бирдей шарт түзүп бере албасына токтолуп, мындай деди:

- Акыркы жылдары бирөө эмес, экөө эмес, 300дөй мусулман жигит соттолуп кетти. Алардын ар биринин артында ата-энеси, бала-чакасы бар. Азыр мусулмандардын укугу кез келген жерде бузулуп жатат. Динге бет бурган беш жылда өзүм да көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирдим.

Актөбөнүн четинде да жетим-жесирлер үчүн эки үй салынып жатыптыр. Курулушчулар бирок “Алланын ыраазычылыгы үчүн” курулган үйлөргө кирчү адамдардын аты-жөнүн атоодон жана телефон номерлерин кабарчыга бергенден баш тартышкан. Бул балким эки жыл мурда болгон капсалаңдуу окуяларга байланыштуудур.

2011-жылы 17-майда Ак-Төбө облустук коопсуздук кызматынын кеңсесинин жанында Ракымжан Макатов өзүн жардырып жиберген. 17-июлда облустун Темир районундагы Шубарши айылында динзар тобу менен полиция атыша кетип, 17 адамдын, анын ичинде 5 полициячынын окко учканы кабарланган.

Былтыр ноябрда облустук ички иштер башкармалынын өкүлү “радикал исламчы” деп айыпталган 300 адам абакта отруганын айткан. Баса Ракымжан Макатовдун жесири Майрамгүл менен “Азаттыктын” кабарчысы ушул Акшат айылына коңшулаш Кирпишти айылында кездешкен. Майрамгүл Макатова кабарчыга Орунтай деген динзардын үйүндө батирде акысыз эле жашаарын айткан: “Бул үйдүн ээси –Орунтай ахи (ахи - ага деген сөздүн арабчасы). Аны менен эч кандай тууганчылыгым жок. Бирок өзү да, аялы да дин жолун карманган мусулман боорубуз”.

XS
SM
MD
LG