Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Экс-офицердин жарандыгы суроо жаратты


Болгария менен Грециянын чек арасы.
Болгария менен Грециянын чек арасы.

Болгария бийлиги жерлиги казакстандык Каир Рахимовго берилген жарандыкты кайтарып алууну сунуштады.

Укук коргоо органдары ал болгар жарандыгын мыйзам бузуулар менен алганын айтышууда. 2000-жылдары Казакстандын Коргоо министрлигинин аэромобилдик аскерлеринин командачысынын орун басары болгон, полковник Рахимов Казакстандагы курал сатып алуудагы коррупция боюнча аты аталып, издөө да жарыяланган.

Болгариянын башкы прокурору Сотир Цацаров.
Болгариянын башкы прокурору Сотир Цацаров.

Болгариянын Башкы прокуратурасы июндун акырында Каир Рахимовду жана түбү орусиялык бир канча кишини жарандыктан ажыратуу боюнча сунуш киргизген. Прокуратуранын маалыматына караганда, бул кишилер жарандык алууга тоскоол боло турган маалыматтарды атайын жашырып койгон же өлкө экономикасына инвестиция салабыз деген милдеттенмелерин аткарган эмес.

«Азаттыктын» болгар кызматынын маалыматына караганда, Казакстандын Коргоо министрлигинин мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Болгариянын жарандыгын 2011-жылы алган.

Каир Рахимовго жарандык берүүнү 2009-жылы июнда транспорт министри Петар Мутафчиев сунуш кылып, ал анын өлкөнүн тышкы дүйнө менен соода-транспорттук байланыштарын чыңдоого кошкон салымын белгилеген. Ушул сунуштун алдында Казакстандын соту Коргоо министрлигин курал менен жабдуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу Каир Рахимовду сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Журналисттер белгилегендей, бирок бул болгар коопсуздук кызматтарына акыр-аягында Евробиримдикке мүчө Болгариянын кочкул кызыл түстөгү паспортун алуу үчүн оң корутунду берүүсүнө тоскоол болгон эмес. Каир Рахимов тууралуу болгар бийликтерине ага чейин эле казак бийлигинен маалымат түшкөн. Атап айтканда, Казакстандын өтүнүчү менен кармалган мурдагы офицерди экстрадиция кылууну Бургас шаарынын соту четке каккан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазышынча, сот өз чечимин чыгарууда Казакстанда Рахимовго «калыс соттук териштирүүгө кепилдик жок» деген жүйөнү келтирген. Европа өлкөлөрү адатта Казакстанга экстрадиялоодон баш тартканда ушул жүйөнү карманышат.

Казакстандын аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, Каир Рахимовго 2009-жылы 21-октябрда издөө жарыяланып, бир жумадан кийин эле Болгарияда кармалган.

Каир Рахимов жана Болгариянын паспорту.
Каир Рахимов жана Болгариянын паспорту.

2010-жылы расмий София ал кезде «Кылмыш иштери боюнча Болгария менен Казакстандын ортосунда жарандарды өткөрүп берүү жана укуктук жардам берүү боюнча келишим жоктугуна байланыштуу» Рахимовду өткөрүп берген эмес.

Рахимов жарандык тууралуу документ тапшырганда ага болгар жарандыгын ири инвестицияны түшүндүргөн «сиңирген эмгеги үчүн» берүүнү сураган.

«Азаттыктын» болгар редакциясынын иликтөөсүндө болгар бийликтерине жарандык берүү сунушу менен кайрылган кезде анын «эмгек сиңирген» иши болгон эмес.

Рахимов 2008-жылы беш миллиондон ашык капиталы бар жеке компаниянын каттаганы айтылат. Кийин ишкана анын жакындарына өткөн. Ал эми 2009-жылы анын капиталы 200 миң (150 миң доллардай) болгар акчасы турган фирмада үлүшү болгон.

Болгариянын мамлекеттик мекемелери учурда Рахимовду жана башка бир канча чет өлкөлүктү жарандыктан ажыратууну карап жатат. Жарандык боюнча кеңеш азырынча жыйынга чогула элек. Мыйзам боюнча жарандыктан ажыратуу тууралуу акыркы чечимди президент Румен Радев кабыл алат.

Ачык маалыматтарга караганда, Каир Закирович Рахимов чейрек кылым казак армиясында кызмат өтөгөн. Катардагы жоокерден Коргоо министрлигинин аэромобилдик аскерлеринин командачысынын орун басары кызматына чейин жетип, 2005-жылы эс алууга чыккан.

Анын аты казакстандык маалымат каражаттарында кызматтан кеткенден бир канча жыл өткөн соң мамлекеттик сатып алуулар ишиндеги коррупцияга байланышкан беренеге ылайык атала баштаган. Маалыматтарда ал куралдарды сатып алууда баасын чыныгы наркынан жогору көрсөткөн.

Казакстандын аскер прокуратурасы «Азаттыктын» казак кызматына Каир Рахимов сатып алуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу иште аты аталганын ырасташты. Бирок бул иш «тараптар элдешип алганына байланыштуу кыскарып кеткенин», ал азыр издөөдө эместигин билдиришкен.

«Азаттыктын» болгар кызматы Каир Рахимовдун өзү менен байланышканда казак бийликтеринин 2019-жылдагы чечиминин негизинде «ага эч кандай доо жок экенин» жана «азыр мекенинде издөөдө эместигин» билдирген. Ал анда учурда казак жарандыгы жок экенин кошумчалаган.

Болгариянын мыйзамдарына ылайык, эгер кайсы бир адамда болгар жарандыгынан башка эч бир өлкөнүн жарандыгы жок болсо, анда анын паспортун алып койо алышпайт. Ал эми юристтер Рахимов Болгарияда жүргөн жылдары 5,7 миллион доллар инвестиция салганын, эгер «мындай ири инвестордун» жарандыгын кайра алып койсо, бул көрүнүш өлкө экономикасына акча салууну каалаган башка чет өлкөлүктөргө терс таасир этерин белгилешет.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак жана болгар кызматтары биргелешип даярдаган материал кыскартылып которулду.

XS
SM
MD
LG