Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Актөбөдөгү кол салуу: жоопсуз калган суроолор


Куралдуу топ биринчи "Паллада" дүкөнүнө кол салган
Куралдуу топ биринчи "Паллада" дүкөнүнө кол салган

Казакстандын Актөбө облусундагы атышуулардын катышуучуларын жок кылуу боюнча атайын операциялар аяктады. Бирок чоң шаарга чак түштө куралдуу кол салууга барган топтун артында көп суроолор жоопсуз кала берүүдө.

Актөбөдө 5-6-июндагы атышууга катышкандарды жок кылуу боюнча акыркы операция эки тараптын атышуусу менен аяктады. Куралдуу экстремист жашынган үйдөгү жашоочулардын көз алдында казак күч кызматкерлери менен акыркы жоочу кыйлага чейин аткылашты. Атышууга күбө болгон Камажай Курмангалиева көргөндөрүн мындайча баяндап берди:

- Ал милициялар менен атышып жатып, арасында ар нерселерди сүйлөдү. Бир сөзү угулса, экинчи сөзү угулбайт. "Адамдарга тийбейм, силер чыга бергиле. Силерде күнөө жок" дегенин уктум. Анан “Аллах акбар, Аллах акбар” деп кыйкырып жатканын уктум.

Актөбөдөгү атышуудан террорчу делген 18 адам, төрт жай тургун жана үч күч кызматкери көз жумган. Окуядан кийин из жашырган террорчуларды табууга Актөбө облусуна көп сандаган аскерлер жана оор техникалар да тартылган. Бирок азыр да шектүү унааларды текшерүү күчүндө.

Актөбөдөгү атышуу Казакстан тарыхындагы эң ири антитеррордук иш-чара катары бааланууда. Бирок казак полициясы азырынча коомчулук күткөн суроолорду жоопсуз калтырып келет. Жергиликтүү журналист Дмитрий Матвеев маалыматтын чектелүүсү коомчулуктун күдүк суроолорун ого бетер көбөйтүп жатканын айтат.

- Азыр бийлик өкүлдөрү элди бул кылмышкерлер радикалдар, вахабилер, кандайдыр бир бузулган диний топтор экендигине ынандыруу аракеттерин көрүүдө. Бийлик эмне болгондугун түшүнүп жаткандай сүйлөп жатат, бирок ошол эле учурда алар элден бир нерсени жашырып жаткандай тасир калтырышууда.

5-июнда күч кызматкерлери менен атышууда мерт кеткен Дархан Койшинди апасы Зауреш Койшина интернетке тараган видеодон тааныган. Азыр ал уулунун сөөгүн алалбай ыйлап отурат.

- Мен видеодон анын алаңдап чуркап жүргөнүн көрдүм. Балким аны бирөө мажбурлап алып барганбы деп ойлоп кетем. Ким билет. Видеодо ал өзүн жоготуп койгондой көрүндү. Башка эч нерсе билбейм. Мен ушул менен экинчи уулумду жоготуп олтурам. Биринчи балам жоголуп кеткенине 12 жыл болду. Мунун баарына кимди күнөөлөштү да билбейм. Эми анын балдарын бутуна тургузушум керек. Анын сөөгү алигиче моргдо жатат.

Ал окуяга чейин 29 жаштагы Дархан Койшин сакалынын айынан жумушка кире албай, анда-санда табылган жумуштарды аткарып оокат кылчу.

Дархандын артында үч уулу калды. Анын намазга жыгыла баштаганына он жылдан ашкан. Үйүнүн дубалдарынан бери Куран аяттарын чаптап алган экен. Дархандын аялы болсо жолдошун террорчу деп эсептебейт.

- Эгер алар чыныгы террорист болсо, автобусту туткундап алган соң аны жардырып салышпайт беле. Көрсөтүп жатат го башка жактарды туткундагандан кийин эмне кылышканын. Баарын өлтүрүп салышмак да. Алар террористтер эмес.

5-6-июнда Актөбөдөгү эки курал сатуучу дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын имаратына 30дай адам куралдуу кол салган. Учурда алардын тогузу кармалып, жыйырмасы жок кылынган. Казак президенти Нурсултан Назарбаев элге кайрылып, курал көтөргөндөр эң жогорку жазага тартылышы керектигин билдирген.

Актөбөдөгү кол салуу: күбөлөр эмне дейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00

XS
SM
MD
LG