Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Алматыда бир топ аял бийликке талап койду


Алматы акимчилигинин алдына чогулган аялдар жана медеу районудук акими. 9-июнь, 2020-жыл.

9-июнда Казакстандын Алматы калаасынын акимчилигине турак жай, бала бакча, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылып ондой аял барышты. Аларды күзөтчүлөр имаратка киргизген жок.

Нааразыларга калаанын Медеу районунун акими Султанбек Макежанов чыгып, аялдардын сөзүн үнсүз тыңдады.

Ошол эле маалда баш калаа Нур-Султанда жыйырма чакты аял эки күндөн бери Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында “үнсүз” акция өткөрүп жатат. Алар министрликтин алдында түнөшкөн.

Казакстанда көп балалуу аялдардын нааразылыгы былтыртан бери уланып келет. Алардын акцияларынан соң бийлик көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү ар бир бала үчүн 21 миң теңгеден жөлөкпул төлөп берүү чечимин кабыл алган. Кийин “жардам сурагандар көп болгонуна” байланыштуу эрежелер өзгөрүп, жөлөк пул кыйла кыскарган. Жыл башынан тарта жөлөкпул жакыр деп таанылган гана үй-бүлөлөргө берилет.

XS
SM
MD
LG