Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Казакстанда коронавирустан улам окуучулар таркатылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу көп киши жыйнала турган бардык иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев «Твиттерге» жазды.

Казакстан президенти ошондой эле азык-түлүктүн жана эң керектүү товарлардын таңкыстыгы жаралбай турганын кошумчалады. Кийинчерээк өкмөт башчынын орун басары Ералы Тугжанов өлкөдө жыйындарды, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирди. Ал оюндар өткөрүлсө да көрүүчүлөр болбой турганын айтты.

Тугжанов ошондой эле мектеп окуучулары 16-марттан 5-апрелге чейин таркатыларын кошумчалады. Вице-премьер-министрдин айтымында, азырынча Казакстанда коронавирус жугузуп алгандар каттала элек.

XS
SM
MD
LG