Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Жекшембиде Казакстанда бир катар сайттар иштебей калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-февралда Казакстанда бир катар сайттардын, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын сайтынын, социалдык тармактардын иши үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле «YouTube» жана «Google» да ачылбай калды. Колдонуучулар Интернеттин жай иштеп жатканына нааразы болушту. Ал эми «Telegram» тиркемеси бир нече күндөн бери ачылбай жаткан.

Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали «Фейсбуктагы» баракчасына Касым-Жомарт Токаев «бардык маалымат ресурстарынын ишин калыбына келтирүүнү тапшырганын» жазды. Казак президенти учурда Германияда иш сапарында жүрөт.

Казакстанда социалдык тармактардын иши соңку бир нече жылдан бери маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап келет. Бийлик муну ар дайым «техникалык маселелерге» шылтайт. Ал эми интернет-провайдерлер техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу кепти четке кагып жүрүшөт.

Коңшу мамлекетте Интернет былтыр 9-майда жана 9-июнда такыр эле иштебей калган. Бул күндөрү өлкөдө ири демонстрациялар өткөн. Казактандын күч түзүмдөрү өзгөчө кырдаалда Интернетти жана байланыш каражаттарын блоктоого укугу бар.

XS
SM
MD
LG