Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Казак министри 14 жылга соттолду


Казакстандын спорт жана туризм боюнча мурдагы министри Талгат Ермегияев коррупция боюнча айыпталып, 9-июнда 14 жылга эркинен ажыратылды.

Аны менен кошо дагы 23 адам төрт жылдан 14 жылга чейин кесилди. Алар мамлекетке жалпысынан 30 миллион долларга жакын зыян келтирген деп айыпталышкан.

Астанадагы райондор аралык атайын адистештирилген соту Казакстандагы ири коррупциялык иш боюнча мурунку министр Талгат Ермегияевди баш кылып 23 адамды эркинен ажыратты. Алар Казакстанда 2017-жылы боло турган эл аралык көргөзмө өтүүчү ири комплексти курушмак.

Толук бир жылга созулган териштирүүнүн соңунда сот Адилхан Шайхисламов чегерилген жаза жана мамлекетке кайтарыла турган мүлктөрдүн узун тизмесин кыйла убакытта окуп бүттү:

- Ермегияев Талгат Амангелдиевич тагылган айып боюнча айыптуу деп табылсын. Ал 14 жыл күчөтүлгөн режимде абакка кесилсин. Мыйзамсыз жол менен чогулткан мүлктөрү мамлекетке кайтарылсын. Мамлекеттик жана коммерциялык мекемелерде жетекчилик кызматтарды ээлөө укугунан өмүр бою ажыратылсын. Мамлекеттик “Парасат” жана “Урмат” сыйлыктарын кайтарып алуу тууралуу Казакстан республикасынын президентине сунуш берилсин.

47 жаштагы Талгат Ермегияев 2011-2012-жылдары Казакстандын спорт жана туризм министри болгон. 2013-жылы Казакстандагы эң ири долбоорлордун бири делген "Астана-Экспо-2017" уюмунун башчылыгына дайындалган. Ермегияевдин коррупцияга айыпталып, үй камагында отурганына бир жыл болгон. Бирок Ермегияевдин айылдаштары мечит, спорт зал жана башка курулуштарды курган ири меценаттык иштерин санап, Ермегияевге жалган жалаа жабылып жатат деп президенттин көңүлүн бурууга аракет кылышкан.

“Астана Экспо-2017” мамлекеттик уюму 170 гектар аянтка Астанада 2017-жылы боло турган эл аралык көргөзмө комплесин курмак. Курулуш долбоорунда мейманканалар, ири көргөзмө аянттары, унаа токтоочу жайлар,маданий, спорттук, илимий борборлор жана соодага ыңгайлуу бир нече имараттар каралган. Курулуш иштери жарымдаган учурда кылмыш иши козголгон. Бирок уюмга жетекчилик кылган Талгат Ермегияев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келет.

- Мен эч кимден акча алган эмесмин. Мамлекеттин бир тыйынын да жеген эмесмин. Мага тагылган айыптардын баары жалган жалаа.

9-июнда чыккан соттун өкүмү 24-июнда күчүнө кирет. Талгат Ермегияев менен кошо айыпталган 23 адамдын 13ү башта эле күнөөлөрүн моюнуна алышкан.

«Астана ЭКСПО-2017» Улуттук компаниясы 2015-жылы курулган. Ушул тапта Астана экспону өлкөнүн саясий элитасынын өкүлү, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин эски санаалашы Ахметжан Есимов башкарууда.

XS
SM
MD
LG