82 жаштагы саясатчы Серикболсын Абдилдин көз жумганын “Фейсбуктагы” баракчасына журналист Ермурат Бапи жазды.
Казакстандык саясатчы жана экономист Абдилдин 1990-1991-жылдары Казак ССРнин Жогорку Советинин төрага орун басары болуп турган. 1991-жылдын октябрь айынан 1993-жылдын соңуна чейин Казакстандын Жогорку Советинин төрагасы болгон.
1990-жылдардын орто ченинде Абдилдин оппозицияга өтүп, көп жылдар бою Казакстандын Коммунисттик партиясын жетектеп турду. 1999-жылы мамлекет башчылыгына ат салышып, шайлоодо ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевден кийинки экинчи орунга ээ болгон.
Серикболсын Абдилдинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алматыда 3-январда өтөт.