Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

"Эл башы" жер коргогон митингчилерге алкыш айтты


Атыраудагы митинг.
Атыраудагы митинг.

Казакстандын Актөбө жана Семей шаарларында кечээ жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы жүздөгөн адам катышкан митингдер өттү. Мындай митингдер буга чейин өлкөнүн башка шаарларында да болгон эле.

Бул кошуна өлкөдө 1-июлдан тарта күчүнө кирчү мыйзамдык өзгөртүүлөр айыл чарба жерлерин узак мөөнөткө сатууга жана чет элдик жарандарга 25 жылга ижарага берүүгө жол ачканы турат.

Каршылыкка кабылбаган митинг

Шаршембиде Актөбө шаарындагы Туңгуч президент атындагы гүлбакка жүздөгөн адам чогулуп, Жер кодексиндеги өзгөрүүлөргө каршылык билдиришти.

Жергиликтүү укук коргоочу Ольга Климонованын айтымында, шаар бийлигинин өкүлдөрү алгач топтолгондорду сабырдуулукка чакырып, келишүүгө үндөшкөнү менен улам катары калыңдап бараткан эл аларга баш ийбей койду.

- Митингдеги адамдардын саны улам көбөйүүдө. Башында бир гана киши сүйлөп жатты эле, кийинчерээк эл алдында сүйлөгүсү келгендер да көбөйүп кетти. Акимчилик өкүлдөрү айла жок митингдин катышуучуларына айланып калды. Элди токтото албай жатышат,- деп билдирди укук коргоочу Ольга Климонова.

Климонова мындай митинг болору тууралуу бир күн мурда социалдык желеде маалымат жарыяланганын кошумчалады. Анын айтымында, 27-апрелде түшкү саат бирден өткөндө Туңгуч президент атындагы гүлбактын тегерегине акырындап адамдар топтоло баштаган. Оболу аларды бийлик өкүлдөрү “бакты дарылайбыз” деген шылтоо менен киргизбей койгон. Бирок чогулгандар митингди тротуарда баштап, элдин саны көбөйө баштаганда бийлик өкүлдөрү паркка кирүүгө уруксат берген.

Жер сатпоо талабы менен чыгып жаткан агайындарга бир чети кубанып турам. Жерге деген мамиле дайыма ушундай болсо, элибиз аны кашык каны калганча коргойт деп ишенемин.

Нурсултан Назарбаев

Бул күнү жүздөгөн адам катышкан ушундай эле митинг Семей шаарында да өттү. Шаардагы Жеңиш багына болжол менен түшкү экилерде чогула баштагандардын катары да бат эле калыңдап кеткен.

- Биздин биринчи талабыбыз – жер чет элдиктерге сатылбасын. Экинчиден, айыл чарба жерлери 1-июлдан тарта аукционго коюлат деп жатышат. Биз жер жеке менчикке берилишине каршыбыз, - дейт Семейдеги митингге катышкандардын бири Гүлфайра Жаныбекова.

Жергиликтүү активист Майра Абенованын айтымында, митингчилер менен жолукканы келген шаар акими жана прокуратура өкүлдөрү алардан талаптарын жазып берүүнү өтүнүп, аны жогору жакка жеткирүүгө убада берген. Ушундан соң нааразылыкка чыккандар кайрылууга кол коюп, аны бийлик өкүлдөрүнө тапшыруу менен тарап кеткен. Полиция митингге чыккандарга эч кандай каршылык көрсөтпөй, тек гана байкоо салып турду.

Казак өкмөтү өткөн айда былтыр күздө Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө жараша быйыл июлдан тарта айыл чарба жерлерин өлкө жарандарына аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу менен чет элдиктерге 25 жылга чейин ижарага берүү тартиби күчүнө кирерин жарыялаган. Ушундан тарта өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жер сатууга каршы нааразылыктар чыгып, өткөн жекшембиде Атырау шаарында миңдей адам катышкан ири митинг өткөн. Орол, Астана, Алматы шаарларында да жер сатууга каршы жалгыз адамдык пикеттер болгон.

Казак президенти жер сатууга каршы чыккандарга ыраазы

Мындай нааразылыктардан улам президент Нурсултан Назарбаев 26-апрелде Казакстан калк ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып, жер чет элдиктерге сатылат деген жалган маалымат таратып, элди козуткандарды мыйзамга ылайык жазалоо керектигин, чет элдиктерге жер сатуу маселеси жоктугун жана ал талкууланбасын билдирди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00
Түз линк

Президент андан ары Орусияда, Бириккен Араб эмирликтеринде жана Европа өлкөлөрүндө жер 49 - 99 жыл аралыгында ижарага берилерин мисал кылып, азыр Казакстанда буга байланыштуу элди көкүтүп жаткандар айыл чарбасы жана жер тууралуу кабары жок деп белгиледи.

Ошону менен катар жерди коргоп чыгып жаткандарга ыраазылык да айтта кетти:

- Деген менен бир жагынан жер сатпоо талабы менен чыгып жаткан агайындарга ыраазымын. Жерге деген мамиле дайыма ушундай болсо, элибиз аны кашык каны калганча коргойт деп ишенемин.

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00
Түз линк

Бирок президенттин жер сатылат деп чуу көтөргөндөрдү жазалоо керектигин айткан сөзүнөн бир күн өтпөй өлкөнүн эки шаарында жогоруда айткандай, жүздөгөн адам катышкан митингдер өттү.

Актөбөдөгү митинг, 27-апрель, 2016-жыл
Актөбөдөгү жер сатууга каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG