Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25
Казак полициясы нааразылыкка чыккандарды кармап баратат, 9-июнь, 2019-жыл.
Казак полициясы нааразылыкка чыккандарды кармап баратат, 9-июнь, 2019-жыл.

Казакстанда шайлоо кармоо менен коштолду

Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өттү. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адамдар, алардын ичинде журналисттер да кармалды.

Экзит-полл: Токаев 70,16 % менен алдыга чыкты

Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды. Бул тууралуу бул уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын беришкен.

Байкоочулар 30 жыл олкону башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолгоп жатышкан.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалды.

Казакстанда добушканалар жабылды

Нур-Султан убактысы боюнча саат 21:00гө карата Казакстандын бардык аймактарындагы добушканалар жабылды. Учурда добуш саноо жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 77 пайыздайы добуш берди.

Алматы (89 %) жана Актөбө (84,6 %) облустарында шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүштү. Алматы шаарында (52,2 %) добуш берүү эң солгун болду.

Алматы аймагындагы добуш саноо, 9-июнь 2019-жыл.
Алматы аймагындагы добуш саноо, 9-июнь 2019-жыл.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы Нур-Султан убактысы боюнча түн жарымына чукул жарыяланаары күтүлүп жатат.

Бирок байкоочулар мурдагы президент Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын билдиришүүдө.

Казакстанда 11 миллион 800 миңден ашуун шайлоочу добуш берүүгө укуктуу. Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар кармалганы белгилүү болду.

Нур-Султандын полициясы «Азаттыктын» кабарчысын бошотту

Жекшемби күнү Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн кезде кармалган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен бошотулду. Полиция аны документтерин текшергенден кийин коё бергени белгилүү болду.

Сания Тойкен Нур-Султандын «Жаштар» сарайынын алдында нааразылык билдирип чыккан 25 адам менен кошо кармалып, Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген болчу. Кабарчынын айтымында, полиция андан журналист экенин далилдеген документтерди көрсөтүүнү талап кылган.

Тойкен кармалып турган кезде «Facebook» аркылуу түз байланыш уюштуруп, анын жүрүшүндө шайлоону бойкоттоого чакырган ондогон адамдар полиция бөлүмүнө жеткирилгенине күбө болгон.

Мындан мурда «Азаттыктын» Алматы шаарындагы кабарчысы Петр Троценко да кармалып, бир аздан кийин кайра бошотулган эле. Казакстандын Ички иштер министрлиги 9-июнда өтүп жаткан шайлоо убагында жүздөй адам кармалганын ырастады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG