Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

12:26 12.1.2022

Казакстандагы башаламандык учурунда өлкөнүн ар кайсы облусундагы 53 акимчиликтин имараты талкаланды, орто жана чакан ишкердикке таандык 151 жай бүлүндү.

Алардын көбү Алматы, Чымкент шаарларында, Алматы, Чыгыш Казакстан, Кызылордо, Атырау, Актөбө облустарында катталган. Өлкөнүн Өндүрүш жана инфратүзүм министри Кайырбек Өскенбаев калайман башаламандыктардан эң оор запкы тарткан Алматы калаасы экенин 12-январдагы өкмөттүк отурумда билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Алматыда жалпы 161 имарат талкаланган. Министр Өскенбаев бүлүнгөн мамлекеттик жайлар 20-февралга чейин оңдолорун айтып, аймактар менен темир жана унаа жол каттамдары калыбына келгенин кабарлады.

Буга чейин ишкерлердин "Атамекен" улуттук палатасы жалпы 1528 ишкердик субъектиси жабыркап, анын 1408и Алматыда экенин билдирген. Чыгымдын көлөмү 95,3 миллиард теңгеге жеткени айтылган.

11:53 12.1.2022

Алматыда кармалган төрт кыргызстандык бошотула элек

Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ушул тушта Казакстандын Ички иштер министрлигинин кармалгандарды бошотуу тууралуу сунушун Башкы прокуратура карап жатат.

Башкы консул буга чейин казак тарап аларды 11-январда бошотууга макул болгонун маалымдаган.

Алматыда азыр соңку тополоңдорго шек саналып кыргызстандык Закир Юбуров (1990-жылы туулган), Адан Хуров (1991-жылы туулган), 35 жаштагы Ильяс Мачо жана 21 жаштагы Абду-Рахим Джиншанло камалып турат.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.

11:23 12.1.2022

Чек ара кызматы 11-январь кечинде кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында түзүлгөн автоунаалардын тыгыны боюнча маалымат берди.

Маалыматта оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу болуп жатканы айтылат.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертти.

Башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган эмес.

Кыргыз-казак чек арасында жалпы жети автожол өткөрмө бекети бар. Казакстандагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жатат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Талас облусунда "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

20:10 11.1.2022

Токаев Алия Назарбаевага байланышы бар деген компанияны жабууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда парламентте сүйлөп жатып "Оператор РОП" компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну тапшырды. Бул ишкананы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштырып келишет.

"Оператор РОП" деген компаниянын ишмердүүлүгү ишкерлер арасында жана жалпы эле коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып келет", - деди Токаев.

2015-жылы пайда болгон компания таштандыларды чогултуп, иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм чогултат. Ушул кезге чейин миллиондогон долларларды чогултканы маалымдалган.

Расмий кабарларга караганда, 2020-жылга карата "Оператор РОП" ишканасынын үч эсебине 220 миллиард теңге түшкөн.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG