Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Алматы олимпиада өткөрүү кыялында


2011-жылдагы кышкы Азиа оюндары. Алматыдагы Табаган спорт комплекси 1-февраль, 2011-жыл
2011-жылдагы кышкы Азиа оюндары. Алматыдагы Табаган спорт комплекси 1-февраль, 2011-жыл

Алматы 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүү укугуна ээ болсо, казак бийликтери дүйнөлүк мелдештер үчүн 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшоого даяр.

Алматы 2022-жылдагы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер эки шаардын бири катары тандалганы казак бийликтери дүйнөлүк оюндарды өткөрүүгө олуттуу даярдык көрө баштады. Эл аралык олимпиада комитетине тапшырылган “Сунуштар китебинде” Казакстан олимпиада үчүн 2 миллиард 195 миллион доллар коротууга даярдыгын билдирген. Анын 120 миллиону паралимпиада оюндарын өткөрүүгө жумшалмакчы.

Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин маалыматына караганда, Алматыда спорттук мелдештер өтөт делген жайлардын 60 пайызы буга чейин курулган. Учурда алар кышкы оюндарга даярдалып жатат.

Өткөн жылы президент Нурсултан Назарбаев эгер Алматы олимпиаданы өткөрүү укугуна ээ болсо, кышкы оюндардын бир бөлүгү Астанада болорун билдирген. Мындай ыкманы Казакстан 2011-жылы Азиаданы өткөрүүдө колдонгон эле. Бирок дүйнөлүк оюндарды өткөрүү боюнча долбоорлор жазылган "Сунуштар китебинде" мелдештер Алматыда гана болору көрсөтүлгөн.

Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Андрей Крюков олимпиаданы калаадагы 14 спорттук комплексте өткөрүү мерчемделип жатканын билдирди. Анын айтымында, анын сегизи даяр, учурда үч объект курулуп жатат:

- Эң маанилүүсү бизде 100 пайыз спорттук инфраструктура пландалып, даярдалып жатат. Маселен, олимпиада үчүн 100 чакырым жол куруунун кереги жок. Эми үч гана спорттук жай курушубуз керек. Ошондуктан 2022-жылкы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн берилген сунуштар толугу менен аткарылды деп айтсак болот.

Алматы, 2011-жыл
Алматы, 2011-жыл

Алматыда кышкы олимпиада өткөрүү мерчемделген спорттук жайлардын көпчүлүгү 2011-жылдагы Азиада оюндары үчүн ошондо жаңы курулган. Маселен, Табаган спорт комплекси менен Шымбулакта лыжа мелдешинин түрлөрү, Ак-Булакта биатлон боюнча жарышты өткөрүү пландалууда.

Анткен менен казакстандык спорт журналисти Рауан Окас бийликтер даяр деп көкүрөк каккан комплекстерди да капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын айтат.

“Азиада учурунда Табаган, Ак-Булакта курулган трассалар олимпиадалык стандартка жооп бербейт. Олимпиадада коньки менен жарыш ачык асман алдында өтпөш керек” - деген Рауан Окас Азиада үчүн салынган спорттук жайлар дүйнөлүк олимпиадалык стандартка жооп бербестигин белгилейт.

Алматыда 2022-жылдагы олимпиаданын өтүшү калаанын өнүгүшү үчүн пайдалуу болчудай. Анткени спорттук мелдештин арты менен шаарда бир нече жол жана метро станцияларын куруу мерчемделип жатат. Маселен, учурда Алматыдагы метронун узундугу 7,9 чакырым, эгер олимпиада өтө турган болсо, 17 чакырымга узартыларын шаар бийликтери убада кылды.

Ошондой эле Алматы аэропортуна кошумча эки терминал жана шаарда алты ири мейманкана куруу пландалууда.

Буга карабай Улуттук олимпиада комитети менен Алматы акимиатынын олимпиаданы кабыл алуу жигерине ишенбегендер да бар. Буга чейин Казакстандагы бир нече коомдук уюм өкүлдөрү Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бахка кайрылып, Алматыны талапкерлер катарынан чыгарууну суранышкан. Алар өлкөдө жумушсуздук курч көйгөй болуп турганда мындай чоң спорттук мелдеш өткөрүүнү мамлекеттик каражатты жөнү жок чачуу катары баалашат. Ошондой эле экологиялык активисттер спорттук курулуштардын арты менен Иле-Ала-Тоо жаратылыш паркы талкаланып жатат деп, бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөргөн.

Казак бийлигинин “Сунуштар китебинде” кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүнү шаардын 80 пайыз тургундары, алты саясий партия колдоору айтылган. Бирок бул сурамжылоо качан өткөрүлгөнү беймаалым.

2022-жылкы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлигин Стокгольм, Осло, Бээжин, Краков, Львов, Алматы - дүйнөнүн алты шаары көрсөткөн. Алардын ичинен иргелип отуруп, учурда Бээжин менен Алматы калды. Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү февраль айында бул шаарларды кыдырып, кышкы олимпиада өткөрүү мүмкүнчүлүгүн байкашат. Ал эми 31-июлда 2022-жылкы дүйнөлүк оюндар өтө турган шаар жарыяланат. Кышкы оюндар 2022-жылдын февраль айында өтөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG