Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Казак экономикасы солгундады


Алматы

Борбор Азиядагы экономикалык кризистин тереңдеши казак экономикасын солкулдатып, Астананы бир катар чараларды көрүүгө мажбурлоодо. Бул чаралар кризисти жеңил басып өтүү үчүн жасалууда.

Каражатты көп талап кылган социалдык жана инфраструктуралык программалар кыскартылып, ошол эле кезде Астана мамлекеттик энергетикалык компанияларга, Казакстандын эл аралык кадыр-баркын көтөрө турган ири долбоорлорго оңой эмес каражат коротууда.

Орусия менен болгон тыгыз экономикалык байланыштардан жана өлкөнүн экономикасынын мунай экспортуна көз карандылыгынан улам Казакстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен кризистен көбүрөөк зыян тарткан өлкө болуп калды. 2014-жылы казак экспортунун 70 пайызын мунай түзгөн. Ага байланыштуу өкмөт бюджетти былтыркы жылдан бери аргасыз эки ирет өзгөртүүгө барды. Биринчисинде, мунайдын дүйнөлүк баасынын бир баррелин 80 доллар деп эсептесе, 2015-жылы бир баррелин 50 доллар деп алып, бюджетке кайрадан өзгөртүү киргизди.

Ошол эле кезде февралда казак өкмөтү дүйнө экономикасындагы кризистин капшабынан 120 миңдей адам жумуштан бошоп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Bloomberg агенттигинин 2-июлда маалымдашынча, казак экономикасынын өсүү темпи да жайлаган. “Казакстандын ири соода өнөгү болуп Орусия саналат. Бул өлкөнүн ИДПсы 2015-жылы мурда айтылгандай, 3,6 пайыз эмес, 1,2 пайыз гана өсөт” деп айтылат Bloomberg агенттигинин маалыматында. 2007-2008-жылдары Казакстандын ИДПсы жылына 10% көбөйүп келгенин айта кетели.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 2014-жылы кризиске тез жооп кылып, Улуттук банк теңгени 19 пайызга арзандатып, девальвацияга барды. Бул куну арзандап кеткен орус рублинен кийин казак товарларынын өтүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалган чара эле. Бирок девальвация Казакстандын экспортун атаандаштыкка туруктуулугун жана Орусия менен чектеш тармактарында өнөр жайды кармап турууну камсыздай алган жок.

Ошол эле кезде девальвация азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташына алып келип, элдин чөнтөгүн бир күндө 20 пайыздай жукартып койду. Аткаминерлер четке какканы менен эксперттер дагы бир жолу девальвация болушун жокко чыгарышпайт.

Ушу тапта өлкөнүн мунай тармагы да чоң кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. “Казмунайгаз” Кашагандагы өзүнүн 16,8 пайыз акциясын "Самрук-Казына" фондуна 4,7 млрд. долларга 2018-2020-жылдары кайра артка сатып алуу мүмкүнчүлүгүн калтырып сатарын жарыялады.

"Казмунайгаз" бул каражатты ушу тапта 19,7 млрд. долларды түзгөн карызын азайтуу үчүн жумшарын айтууда.

Президент Нурсултан Назарбаев 2-июлда Астанада аймактар менен өткөргөн телекөпүрөдө кризистин шартында чыгымдарды азайтуу зарылдыгын кайталады:

- Буга чейин болгондой жакшы мезгилдер келет. Бизде бир канча план бар, план "А", план "Б", план "В" дегендей. Азыр бизди кырдаал кысып турат. Биздин экспорттук товарларга баа төмөндөп, айрыкча, чийки заттарга баа түшүп кетти. Биздин соодабыз бизди үнөмдөөгө мажбурлоодо. Мунун баары билиши керек.

Ошол эле кезде алдыдагы үч жылда экономиканы өнүктүрүү үчүн 9 миллиард доллар салуу али күчүндө турат. Деген менен бир катар программалар токтотулууда.

“Нур Отан” партиясынын депутаты Танирберген Бердонгаров турак жай боюнча мамлекеттик программа ушул жылы токтотуларын журналисттерге айткан жайы бар. Жыл башында кыскартуулар тууралуу Казакстан президенти өзү да айткан эле:

- Биз элге туура түшүндүрүп, түз жана ачык айтышыбыз керек. Биз азыр бардык жактан үнөмдөөнү баштайбыз. Биринчиден, айрым биздин курулуш иштерибизди жакшы учур келгенге чейин жаап турушубуз зарыл. Биз ушул аралыкта 700дөн ашык мектеп, дагы ушунча оорукана жана башка имараттарды курдук. Азыр курулуп жатканын гана бүтүрүп, жаңы курулуштарды баштоону токтотолу. Мамлекет саан уй эмес...

Өкмөт май айында 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта өлкөдөгү бүт орто мектептерде түшкү тамак берүү токтотуларын да жарыялаган. Казак өкмөтү ар бир бала үчүн бир күндө 300 теңге, башкача айтканда, 100 сомдой коротот.

Алматыдагы мектеп директору Ирина Смирнованын 15-июнда Tengrinews агенттигине айтышынча, бекер тамак өтө маанилүү. Смирнова мамлекеттик чиновниктер экономикалык кризистин шартында тамак берүүнү эмес, башка мамлекеттик иш-чараларды кыскартса жакшы болмок деген ойдо.

Смирнова, башка мамлекеттик иш-чаралар дегенде, сыягы, Экспо-2017 долбоорун ишара кылып жатышы ыктымал. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 1,2 миллиард евро жумшалмакчы. Анын 1 миллиарды инвестиция аркылуу кайра келет деп айтылганы менен анын булагы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону Казакстанда ишмердүүлүк кылган чоң бизнес компаниялар инвестор болот деп гана айтылаган.

Ошону менен бирге Казакстан 2022-жылы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө башкы талапкер болууда. Муну да Ак Ордо өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын көтөрүү максатында жасап жатат. Бирок учурдагы экономикалык абалды эске алганда дүйнөлүк мелдешти өткөрө турган атайын жайларды курууга сапталчу миллиарддаган каражат кайдан келээри туңгуюк.

Казакстандын түндүк райондорун быйыл суу каптап, 3000 миңдей үй жабыркады. Караганды облусундагы чыгым 15 миллиард теңгени түздү жана анын ушул күнгө чейин 220 миллиону гана төлөнүп берилген.

XS
SM
MD
LG