Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Казакcтан: Шайлоо алдындагы кайдыгерлик


Президенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял. 26-апрель, 2015-жыл
Президенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял. 26-апрель, 2015-жыл

Казакстанда эмки айдын 20сында парламенттик шайлоо өтөт. Бирок жарандык активисттер шайлоо алдында добуш берүүчүлөрдүн арасында да, талапкерлер арасында да жигердүүлүк байкалбай жатканын, көпчүлүк бул шайлоого көңүлкош карап турганын айтып жатышат.

Казакстанда парламенттик шайлоого бир айдан ашыгыраак убакыт калганы менен, азырынча коомчулукта ага карата жигердүүлүк анчейин деле байкалбайт. Байкоочулардын баамында, өзгөчө эл арасында азыр эгемендиктин алгачкы жылдарындагыдай шайлоого кызыгуу жокко эсе.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларынын бири, Актау шаарынын тургуну Куаныш Эдилханулы анын себебин электораттын талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү чектелгенинен көрөт:

- Бул шайлоо - өлкөдөгү маанилүү окуялардын бири. Бирок шайлоо жакындаганы менен, эл мурдагы калыбынан жазбаганы байкалууда. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы шайлоо менен азыркы шайлоону салыштыруу мүмкүн эмес. Талапкерлер арасында атаандаштык азайышы менен, элдин талапкерди тандоо мүмкүнчүлүгү да чектелди.

Шайлоо алдында жигердүүлүк төмөндүгүн башка облустардагы активисттер да айтышууда. Маселен, карагандалык активист Айткожо Фазыл: “Адамдар менен сүйлөшө келсең: шайлоо кандай өтөрү белгилүү, кимдин депутат болору да чечилген маселе дешет. Бул бийлик менен элдин арасы алыстап баратканын айгинелечү коркунучтуу жагдай”, - дейт.

Казакстанда 20-мартта парламент менен кошо жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтөт. Бирок шаардык жана облустук кеңештердин депутаты болгусу келгендер да аз экени байкалууда. Көпчүлүгү – мурдагы депутаттар.

Коомдук активисттер саясий жактан маанилүү окуяга элдин минтип кайдыгер карап жатышын акыйкаттыкка ишеним жоголушу менен байланыштырат. Парламенттик шайлоо пропорционалдык система менен өтүшү да көңүлкоштуктун бир себеби катары аталууда. Анткени депутат бир мандаттуу округдан шайланган учурда саясий атаандаштык алда канча күчтүү болчу. Казак Башмыйзамына 2007-жылы кирген өзгөртүүлөрдөн бери парламент депутаты партиялык тизме менен гана шайланып калган. Эл арасында азыр эми кандай болсо да бийликтин партиясы гана жеңишке жетет деген түшүнүк күчтүү.

Андыктан айрым жарандык активисттер жок дегенде депутаттардын 30 пайызы мажоритардык система менен шайланса, эл арасында да активдүүлүк болмок деген ойдо.

Шайлоо алдында сурамжылоо, изилдөөлөрдү жүргүзүп жүргөн социолог Серик Бейсенбаев соңку он жылда электоралдык маданият деградацияга учураганын айтты:

- Бул жараян 2004-жылдагы парламенттик шайлоодон башталды. Себеби, жылдан-жылга партиялар менен президенттикке талапкерлер арасында атаандаштык сапаты жана деңгээли начарлаганы да ырас. Аны менен бирге элдин шайлоо жараянына куштарлыгы да улам басаңдап отурду. Мурдагы шайлоодо биз “кимге добуш бересиз?” деп суроо салганыбызда, респонденттердин 30 пайызы кайсы партияга добуш берерин билген эмес. Менимче, акыркы эки жылда деле абал андан өзгөргөн жок.

Социлог Серик Бейсенбаев Казакстанда Батыштагыдай партиялык система менен шайлоого эл дале көнө электигин, электорат партияларга караганда жеке адамдардын убадаларына көбүрөөк ишенерин кошумчалады.

Казакстанда партиялардын шайлоо тизмесин каттоо 19-февралда аяктап, 20-февралдан тарта үгүт өнөктүгү башталат. Өлкө БШКсынын маалыматына караганда, азырга чейин “Айыл”, “Ак жол”, “Бирлик”, “Нур Отан”, ЖСДП жана Казакстан коммунисттик-элдик партияларынын тизмелери катталды.

Казак Мажилисинде жалпысынан 107 депутаттык орун бар. Анын 98и партиялык тизме менен шайланса, калган тогузун Казакстан калк ассамблеясы тандайт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG