Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Кемпир-Абад боюнча жолугушуу өтөт


Кемпир-Абаддын берилишине нааразылык курултайы. Өзгөн. Октябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абаддын берилишине нааразылык курултайы. Өзгөн. Октябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кырдаалга байланыштуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өтөт. Бул үчүн 200гө чамалуу жарандык активисттер чакырылганын, алардын арасында чек арадагы аймактан келген жергиликтүү эл да бар экенин президенттик аппараттан кабарлашты.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 20-октябрда президенттик администрацияда өтө турган жолугушууга чакыруу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун атынан айрым активисттерге берилгени белгилүү болду.

Жолугушуу жабык өтөрү, катышуучулар ага телефонсуз киргизилери айтылып, бул айрым активисттердин нааразылыгын жараткан.

Жолугушуу 20-октябрь, саат 10:00го белгиленген.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болору кошумчалаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG