Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Худойназаровду Берлинде жерге беришти


Бахтиер Худойназаров
Бахтиер Худойназаров

Ушул аптада катуу оорудан кийин тажикстандык режиссер Бахтиер Худойназаров Берлинде көз жумду.

Ушул аптада Борбор Азиянын киносу оор жоготууга учурады. Катуу оорудан кийин тажикстандык режиссер Бахтиер Худойназаров 21-апрелде Берлинде көз жумду.

Анын белгилүү «Лунный папа» же «Ай ата» тасмасында башкы ролду ойногон Чулпан Хаматова "Азаттыктын" тажик кызматына маркум режиссерду мындайча эскерди:

- Ал көңүлү куунак жүргөн, таланттуу, ички дүйнөсүнөн жомок түнөк алган адам эле, анын ар бир кадры көркөм идеяга көп кырдуулук, терең мазмун берип турчу.

Аталган тасмада Хаматова немис актеру Мориц Бляйбтрой менен тартылган. Эр ортону 50 жашка чыгарына бир айдай убакыт калганда кайтыш болгон режиссерду "айтканынан кайтпаган көк" деп сындагандар да болгон.

Чулпан Хаматова
Чулпан Хаматова

Хаматова мындай мүнөз көркөм өнөр үчүн өтө баалуу экендигин белгилеп, кино тарткысы келген киши өз абийири менен мунасага барууга болбой тургандыгын башынан билиши керек деген оюн билдирди.

Худойназаров Орусиядагы Бүткүл союздук кинематография институтун 1989-жылы бүтүргөн. Чыгармачылык жолу Тажикстанда тартылган "Братан" телетасмасынан башталган. Экинчи «Кош-ба-кош» фильми Венецияда «Күмүш арстан» сыйлыгын жеңип алган. Ал эми актриса болууну каалаган кыз тууралуу «Ай ата» тасмасы 2000-жылы "Кинотавр", "Ника" сыйлыктарына татыган.

Маркумдун сөөгү 24-апрелде ал көп жылдан бери жашаган Берлинде жерге берилери кабарланган.

"Ай ата" тасмасын бул жерден көрүңүз

XS
SM
MD
LG