Түндүк Кипрдеги салтка айланган жазгы фестивалда 20дан ашуун өлкөдөн келип окуп жаткан студенттер өз өлкөсүнүн маданиятын көрсөттү. (Сүрөттөрдү "Азаттыкка" Түндүк Кипрдеги кыргыз студенти Кыялбек Дыйканов сунуштады.)
Кипр: Кыргыздар баарын таң калтырды
1
Түндүк Кипрде май айы чет элдик студенттер үчүн өзгөчө бир шаң менен башталды. Бардык окуу жайларда башталган жазгы фестиваль жыйырмадан ашуун өлкөдөн келген студенттерди бириктирип, ар элдин улуттук тамак-аш, оюн-зоок, ыр-күү жана көргөзмөлөрүнө күбө болдук.
2
Түндүк Кипрдеги кыргыз студенттери.
3
4
Көп улут өкүлдөрү катышкан иш-чарада биздин кыргызстандыктар өзгөчө айырмаланып, улутубуз, салтыбыз, маданиятыбыз тууралуу башкаларга абдан мыкты деңгээлде тааныштырышты.
5
6
Түндүк Кипрдеги Гирне америкалык университетинде Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн студенттери катышканына карабай, кыргыз жаштарына гана дурус маани берилип, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өздөрүнө бура алды.
7
Кипр Эл аралык университетинде дагы кыргыздар түрдүү оюндар менен сахнанын көркүн ачып, кыргыз ыр-бийлерин мыкты аткарышты.
8
Ушундай эле жазгы майрам салтанаты Түндүк Кипрдин Чыгыш Ак Деңиз, Жакынкы Чыгыш жана Лефке Европа университеттеринде өттү. Бул иш-чараларга Түндүк Кипрде иштеген кыргызстандык мекендештерибиз да келип, колунан келишинче колдоо көрсөтүштү.
9
10