Кытайдын Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарында дүйнөдөгү эң чоң имарат ачылды. "Жаңы кылым" деп аталган бул борбордун аймагы - 1 миллион 76 миң чарчы метр. Үч жылда курулуп бүткөн бул үлкөн имараттын долбоору таанымал архитектор Захи Хадидге таандык.
Дүйнөдөгү эң чоң имарат
1
Жаңы борбордун ичиндеги жасалма көл.
2
Борбордун ичинде "Жер ортолук деңиз айылы", 14 залы бар кинотеатр жана муз айдыңы бар.
3
Жумушчулар имараттын айнектерин жууп жатат. Имарат Пентагондун имаратынан дээрлик үч эсе чоң.
4
Имараттын сүйрү-тоголок формадагы айнек чатырынын бийктиги -100 метр.
5
Борбордун ичиндеги жабык аквапарк.
6
Дагы бир өзгөчөлүк -- борбордун ичине күнү-түн дебей "жасалма күн" тийип турат.
7
Чэнду калаасы, бул сүрөттө "Жаңы кылым" борборун шаардагы башка бийик жана чоң делген имараттар менен салыштырса болот.