Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Матраимовдун арызы боюнча “Клооптун” айдоочусу милицияда сурак берип жатат


"Клооп" порталынын сайты
"Клооп" порталынын сайты

“Клооп” порталынын айдоочусу Бекболсун Каипов Ош шаардык милициясында сурак берип жатат.

Мындай маалыматты аталган порталдан ырасташты. Маалыматка ылайык, 9-январда “Клооп” порталынын кабарчылары Ош шаарындагы мыйзамсыз курулган имараттар жөнүндө тартып жүргөн. Ал жерде дрон учурган маалда белгисиз адам келип, үйдү тартпоону суранган. Журналисттер тактаган учурда ал адам Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун “тууганы” экенин айткан.

“Клооптун” жазышынча, кабарчылар тартып жүргөн имарат Матраимовдорго таптакыр тиешеси жок.

Буга карабай бүгүн милиция “Клооптун” айдоочусун автоунаасынын номери аркылуу таап, шаардык милицияга алып келишкен. Журналисттер тактаган учурда милицияга арызды Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун жазганы айтылган. Учурда айдоочу Бекболсун Каипов Ош шаардык милициясында сурак берүүдө.

“Клооп” порталы буга чейин Райымбек Матраимовдун мүлктөрү жана бажыдагы коррупция боюнча “Азаттык” радиосу жана Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны изилдөө борбору менен бирге бир нече журналисттик иликтөө жарыялаган.

Бир тууган Матраимовдун арызынын негизинде буга чейин порталдын банктагы эсеби камакка алынып, кийин кайра ачылган. Аталган арыз учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG