Көз жоосун алган Көк-Жайык
![Шаркыратмага бараткан жолдо Көк-Жайык жайлоосу алаканга салгандай көрүнөт. Көк-Жайык – Ысык-Көл ойдуңундагы кооз жерлердин бири. Жети-Өгүз районунда жайгашкан.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-9c41-08db9d5501ed_cx0_cy9_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
1
Шаркыратмага бараткан жолдо Көк-Жайык жайлоосу алаканга салгандай көрүнөт.
Көк-Жайык – Ысык-Көл ойдуңундагы кооз жерлердин бири. Жети-Өгүз районунда жайгашкан.
Көк-Жайык – Ысык-Көл ойдуңундагы кооз жерлердин бири. Жети-Өгүз районунда жайгашкан.
![Көк-Жайык жайлоосуна жетүү үчүн Каракол шаарынан 30 чакырымдай жүрүү керек. Жол боюндагы Жети-Өгүз курортуна жеткен соң андан ары шар аккан сууну бойлой шагыл жол менен жетесиң. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a567-08db9d550138_w1024_q10_s.jpg)
2
Көк-Жайык жайлоосуна жетүү үчүн Каракол шаарынан 30 чакырымдай жүрүү керек. Жол боюндагы Жети-Өгүз курортуна жеткен соң андан ары шар аккан сууну бойлой шагыл жол менен жетесиң.
![Айрым туристтер жөө жол жүрүшөт. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b20c-08db9d552248_cx0_cy18_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
3
Айрым туристтер жөө жол жүрүшөт.
![Жайлоого бараткан жолдо беш көпүрө бар. Алардан бир машине гана өтсө болот. Биз барганда көпүрөлөрдүн бири оңдолуп жаткан экен. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-91dd-08db9d54ead6_cx0_cy11_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
4
Жайлоого бараткан жолдо беш көпүрө бар. Алардан бир машине гана өтсө болот. Биз барганда көпүрөлөрдүн бири оңдолуп жаткан экен.
![Бул жерде жергиликтүү чабандардын үйлөрү бар. Туристтер үчүн атайын боз үйлөр да тигилген. Анын баасы киши башына 500 сомдон. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-e0de-08db9d552f38_cx0_cy13_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
5
Бул жерде жергиликтүү чабандардын үйлөрү бар. Туристтер үчүн атайын боз үйлөр да тигилген. Анын баасы киши башына 500 сомдон.
![Катар курулган чакан үйлөр мурдагы президент Аскар Акаевдин дачалары болгон экен.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-bd73-08db9d550e3f_cx0_cy18_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
6
Катар курулган чакан үйлөр мурдагы президент Аскар Акаевдин дачалары болгон экен.
![Малчылардын жеткинчек балдары туристтерге ат мингизип, акча табышат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-0068-08db9d63563a_cx0_cy17_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
7
Малчылардын жеткинчек балдары туристтерге ат мингизип, акча табышат.
![Эс алуучуларды шаркыратмага алып барып келүү акысы 300 сомдон башталат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-3bda-08db9d5526ca_w1024_q10_s.jpg)
8
Эс алуучуларды шаркыратмага алып барып келүү акысы 300 сомдон башталат.
![Жол татаал болгондуктан, аттарды ушул жерге таштап жолду уладык. Бул жерде аттар байланбаса деле эч кайда кетпейт экен. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6b3e-08db9d5538f7_cx0_cy11_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
9
Жол татаал болгондуктан, аттарды ушул жерге таштап жолду уладык. Бул жерде аттар байланбаса деле эч кайда кетпейт экен.
![Чыйыр жол менен шаркыратмага бараткан туристтер.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-6d5c-08db9d623177_cx0_cy13_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
10
Чыйыр жол менен шаркыратмага бараткан туристтер.
![Коопсуздук үчүн жолдун чети зым тор менен тосулган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кооптуу жолдон кулап кетип каза тапкандар да болгон. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-6d70-08db9d62de04_cx0_cy16_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
11
Коопсуздук үчүн жолдун чети зым тор менен тосулган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кооптуу жолдон кулап кетип каза тапкандар да болгон.
![Бири-бирин жөлөп-таяп жолдон өтүп жаткан туристтер. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8704-08db9d552f58_cx0_cy17_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
12
Бири-бирин жөлөп-таяп жолдон өтүп жаткан туристтер.
![Күн кечтесе да шаркыратмага барууну каалагандардын аягы суюлбайт. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-c75b-08db9d6228bb_cx0_cy18_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
13
Күн кечтесе да шаркыратмага барууну каалагандардын аягы суюлбайт.
![Эл оозунда бул шаркыратма "Кыздын көз жашы" деп аталат. Ал жайлоодогу жер астынан чыккан булак суусунан чогулат. Бийиктиги 25 метрден ашат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-acff-08db9d54eac7_w1024_q10_s.jpg)
14
Эл оозунда бул шаркыратма "Кыздын көз жашы" деп аталат. Ал жайлоодогу жер астынан чыккан булак суусунан чогулат. Бийиктиги 25 метрден ашат.
![Үч чакырымдан ашык жөө басып, шаркыратмага жеткен туристтер сүрөткө түшүүгө ашыгышат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f3e9-08db9d54ea60_cx0_cy46_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
15
Үч чакырымдан ашык жөө басып, шаркыратмага жеткен туристтер сүрөткө түшүүгө ашыгышат.
![Акыркы жылдары бул жайлоону көрүүгө барган туристтердин саны күн санап өсүүдө.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f4c9-08db9d54ea93_cx0_cy19_cw99_w1024_q10_r1_s.jpg)
16
Акыркы жылдары бул жайлоону көрүүгө барган туристтердин саны күн санап өсүүдө.
Facebook шеринеси