Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Караңгылык каптаган Крым

Орус бийлигинин маалымдоосуна караганда, Украинадан Крымга электрзымдар тартылган мамылар жардырылганга байланыштуу эки миллиондой адам жарыксыз калып, региондо өзгөчө кырдаал киргизилди. Крым бийликтери 22-ноябрда генераторлорду колдонуу менен жарым аралдын ири шаарларын жарым-жартылай электр энергиясы менен камсыздалганын билдирди.

Крымга электр линиясын алып өтүү үзгүлтүккө учуратылды. Электр берүү линиясынын жанына топтолгон каршылык акциясынын катышуучулары техникалык ремонт бригадасына электр мамыларын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Херсондогу каршылык акциясына чыккан жарандык активисттер тобу бийликтен Крымга электр энергиясын берүүнү биротоло токтотууну талап кылышууда.

Дем алыш күндөрү Украинанын Херсон районунун Чаплинка поселкосунда жарылуу болгон. Крымга блокада орнотуу боюнча жарандык акциянын штабынан билдиргенге караганда, "Крымга электр энергиясын берген линия кулап калган жана ал оңдоого жараксыз."

Крым жарым аралына электр энергиясы негизинен Украинадан келет.


XS
SM
MD
LG