Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Батыров: Эл аралык комиссия геноцидди тааныбаганы таң калыштуу


Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшү
Ош шаарынын Сулайман тоодон көрүнүшү

Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалды иликтеген эл аралык комиссиянын баяндамасы боюнча Кадыржан Батыров “Азаттыктын” өзбек кызматына маек курду.

2010-жылдын июнундагы кандуу окуяны уюштурган деп күнөөлөнүп жаткан жергиликтүү өзбек лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыров эл аралык комиссиянын баяндамасы жана ага тиркелген кыргыз өкмөтүнүн түшүндүрмөсү менен таанышкандыгын, бирок иликтөө жыйынтыгына алымсынбай тургандыгын телефон аркылуу маегинде айтты.

- Албетте, биринчиден комиссиянын милдети - болгону ушуларды [баяндамада жазылган фактыларды – ред.] иликтөө болчу. Бирок кылмышты тергөө жаатында, өзгөчө элге каршы зулумдук боюнча буларда милдет болгон жок да. Булар бул сыяктуу иштерге жакындан багып, жакшылап киришиши керек болчу, бирок бул негизги маселелерибиз чет жакта кала берди.

Көз карандысыз иликтөөдө июндагы Ош жаңжалын эл аралык укуктун алкагында караганда геноцид, же аскердик кылмыш катары кароого болбойт, бирок айрым айыптар укуктук жактан далилденсе, адамгерчиликке каршы кылмыш деп эсептелиши мүмкүн деген тыянак чыгарылат.

Кабарчынын "эл аралык комиссиянын Ош жаңжалы геноцид, же аскердик кылмыш болгон эмес, бирок айрым учурлары адамгерчиликке каршы кылмыш катары каралышы мүмкүн деген пикирине сиз кошуласызбы?" деген суроосуна Кадыржан Батыров мындайча жооп берет:

- Менин оюмча, бул - геноцид болгон. Албетте, бул эл аралык комиссия эмнегедир геноцид болгон эмес деп айтып өтүп кетип жатты. Бизди, албетте, бул таң калтырат.

Кабарчы: Сиздин оюңузча, геноцид болгонбу?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, жергиликтүү өзбек лидерлеринин бири Кадыржан Батыров, Жалал Абад, 2010-жылдын 11-апрели
К.Батыров:
Менин көз карашымда - бул ачыктан ачык геноцид болгон, себеби Ошто, Жалал-Абадда катуу даярдык көрүлгөн. Элестетип көрсөңүз, бир мааледе жашап аткан өзбектерден башка улуттардын бардыгынын үй-жайлары сакталган, ал эми өзбектерге карата так даректүү мамиле кылынган. Бул - өтө чоң даярдык менен бир этностук топту жок кылабыз, болгондо да шаар борборлорунда жашап аткан калкты жок кылабыз деп ачыктан ачык даярдык көрүлгөн иш бул.


ЭАК: Өзбек лидерлери автономия талап кылган эмес

Эл аралык комиссия (ЭАК) төрагасы Киммо Килюнен 3-майда Бишкекте маалымат жыйында “Биз автономия тууралуу маселени олуттуу иликтеп көрдүк. Анткени ушуга байланыштуу имиштер коомчулукта аябай эле көп болуп, ал окуялардын учурунда чоң ролго ээ болгон. Муну мен жакшы түшүнөм. Бирок биз К. Батыров баштаган өзбек лидерлеринин митингдерде сүйлөгөн сөздөрүн иликтеп отуруп, сепаратизмди же автономия талап кылгандыгын көргөн жокпуз”, - деп билдирген.

Кадыржан Батыров өз маегинде эч качан автономия маселесин көтөрбөгөндүгүн ачыктайт:

- Бүгүн эл аралык комиссия өз пикирин ачык-айкын билдирди. Аны так айтты. Чынында да мен эч качан автономия боюнча кайсы-бир жерде өзүмдүн сүйлөгөн сөздөрүмдө козгогон эмесмин. Бул - ачык нерсе. Бирок...

Кабарчы: Комиссия [өзбек лидерлери – ред.] сепаратист (жикчи) эмес деген корутундуга келиптир. Кыргызстан өкмөтү өзүнүн түшүндүрмөсүндө да бул жаатта сөз кылган эмес. Акырындагы корутундусунда да Ош окуяларынын негизги себептери туурасында сизди же башка өзбек лидерлерин тилге алган эмес. Ошол эле учурда сиз жана башка калган беш өзбек Жалал-Абадда сыртыңыздардан соттолуп жатасыздар, бир нече берене боюнча айыпталып жатасыздар. Булардын арасында ошол жикчилик айыбы бар, муну эмне деп түшүнүү мүмкүн? Албетте, бул Кыргызстан прокуратурасына берилчү суроодур, бирок сиздин жообуңузду уккум келет.

К.Батыров: Эми бул бүгүнкү Кыргызстандагы акыбалдын көрүнүшү дал ушул. Борбор шаарда отургандардын ой-пикири мындай, Жалал-Абад менен Ош облустарында алынып барылып жаткан иштер - так ушундай. Бүгүн Кыргызстандагы мыйзамды каалаган нугунда, каалаган кылмыш ишин өздөрү ачып, дал ушул иштерди өздөрү акырына жеткирип келет. Мына комиссия айгинелегендей, кайсы бир жолдор менен кылмыш ишин иликтөө жүргүзүлүп жатканы, адамдарды кыйноого алып, кандай суроолор боюнча кишинин мойнуна коюп жатканы эч кимге сыр болбой калды, булардын баяндамасынан кийин. Бул акыбал Жалал-Абадда дагы уланууда.


Рыскул Бактыбаев: Кадыржан Батыров күнөөлүү, далил жетиштүү

Кыргызстандын башкы прокуронун орун басары Рыскул Бактыбаев К.Батыров түштүктөгү жаңжалдын уюштуруучусу катары күнөөсү толук далидегенгенин “Азаттыктын” кабарчысына мындайча айткан:

Кыргызстандын башкы прокуронун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев, Бишкек, 2011-жылдын 14-апрели
К. Батыров 20-майдан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок Жалал-Абадда ага чейинки окуялардын башында туруп, биринчи тирешүүдөгү үч адамдын каза болушуна себепкер болгон. Тейиттеги Бакиевдердин үйлөрүн барып өрттөткөн.

Июнь окуялары башталганга чейин эле май айында “Ош ТВ” менен “МезонТВдан” көрсөткөн өңчөй өзбектердин митингинде “биз бул учурду жыйырма жыл бою күткөнбүз” деп ачык эле айтып жатпайбы. Бул эми ошол мезгилдеги бийликтин алсыздыгынан пайдаланып алалы деген сөз да.


Кадыржан Батыров: Тилибизди расмий кылууну талап кылдык

Эл аралык комиссия улут аралык жаңжалдын кесепеттирин толук жоюу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик сыналгы, үналгы каражаттары жок дегенде үч тилде кыргыз, орус жана өзбекче берүүлөрдү алып баруусун сунуштайт.

Кадыржан Батыров болсо өзбек тилинин маселеси өткөн жылдагы Ош окуясына чейин эле көтөрүлүп келгенин түшүндүрөт:

- Тил маселесин, 2006-жылы биз Ж-Абадда митинг кылганбыз, 17 пункттан турган талаптар коюлган президентке. Талаптардын бири - өзбек тилин расмий тил кылып орус тили менен теңештирип Конституцияга киргизүү болчу. Андан тышкары мен парламент депутаты катары ошол депутаттык доорумда бул маселени ал түгүл Жогорку Кеңеште добушка салууга жетишкенмин. 4 добуш жетпей калып, тил маселеси өтпөй калган.

Ушуга карабастан Бакиевдин кландык режими оодарылгандан кийин конституциялык реформа кылабыз дешти. Башмыйзамга өзгөртүү киргизилип атканда бизди чакырып, өзүңөр катышкыла, мына ушул эң тарыхый окуяларда биз бирге болушубузду каалайбыз, ушул иштерди биргеликте жүзөгө ашыралы деп ошол таптагы убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен биздин бүтүн өзбек лидерлери учурашып, ушуларды, албетте, кылдык.


Бирок биз өз сунуштарыбызды айттык. Конституцияга өзгөртүү киргизилип жаткан чакта биздин тилибизди расмий кылып жазып өткүлө деп. Ушул сунуштарды талап кылып койгонбуз.

Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн Баш мыйзамынын долбоорун даярдаган кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев эл аралык комиссиянын тил боюнча сунушуна
Жогорку Кеңеш депутаты Ө.Текебаев менен Эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен, Осло, 2010-жылдын июну
"Бизде жергиликтүү көптөгөн теле-радио компаниялар бар. Эки жылдан кийин биз жалпы санариптик берүүгө өтүп жатабыз. Ал жерде каналдардын саны эбегейсиз көбөйүп, ар кандай социалдык топтор өз керектөөлөрүн толук камсыз кылганга мүмкүнчүлүк болот. Ал эми улуттук, республикалык деңгээлдеги теле-радио компаниялар берүүлөрүн мамлекеттик тилде жүргүзүүсү керек", -деген пикири менен бөлүштү.


Кадыржан Батыров: Өзбектерди басмырлоо токтотулбаса, чөлкөмдө тынчтык жок

“Азаттыктын” өзбек кызматына жарым сааттан ашуун берген маегинин соңунда Кадыржан Батыров Кыргызстандын алдыдагы жагдайы тууралуу сөз кылат:

- Мен жогоруда айтып өткөм, эл аралык комиссиянын баяндамасына бүгүнкү кыргыз бийлиги кандай мамиле кылат? Эгерде анын көз карашы туура болуп, ушул маселерде алдын-алып, бир-топ маселелерге ачыктан ачык жакындан карап, текскөөлөргө калк ынанчу болсо, анда эл буларды туура түшүнөт. Менин оюмча, анда бардык иштер тынч жолдо кетет.

Эгерде муну дагы эле оюн кылышып, өздөрүнүн ичинен улутчулдарды чыгарып, сыналгы, үналгы жана башка басылмаларда жагдайды ого бетер курчутат.

Бизди - өзбектерди токтотпой, саясий тараптан, сот, кылмыштык тергөө тарабынан куугунтукка алышып, бүгүнкү күндө булардын ишканаларынын, өнөрканаларынын бардыгын баскынчылык менен тартып ала бере турган болчу болсо, анда бизде чөлкөмдө жакын арада тынчтык орнойт деген үмүт жок анда.

Эгер андай болсо, миң жолу өкүнүч билдирсем, анда бул жагдайдын баары башка тараптарга таркап кетет. Бизге, албетте, бул нерсе керек эмес. Бирок бул нерсени Кыргызстандын жетекчилиги өтө кылдат түшүнүшү абзел. Кыргызстан калкы түшүнүшү керек. Ушул нукта иш алып барышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG