Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Ойлонолу, уйкудан ойгонолу...


Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу кыргыз калкым!

Эгемендүүлүк майрамыңар кут болсун, боосу бекем болсун, түбөлүгү түз болсун!

Союздан бөлүнүп эгемендүү өлкө болгонубузга чейрек кылымга жакындап калды. Биз эмнеге жеттик, эмне сабак алдык, өлкөдө өнүгүү барбы? Сырткы турпаты, кебете-кешпири кыргызга окшош жапон, корей, кытай, малай элдери бардык жактан өсүп-өнүгүп жатышат.

Же болбосо саны жагынан бизден аз, балыктан башка байлыгы жок эстон, латыштарды өзүбүзгө салыштырып кыргыз катары арданам, намыстанам. Эмесе келгиле, терең ойлонолу, уйкудан ойгонолу!

Өнүгүп алга жылуу үчүн, бир ойдун, бир идеянын айланасында бириксек, анан дагы элин сүйгөн жүрөгү таза лидер чыкса, бут тоспой кыргыз үчүн башын сайган инсанды колдошубуз керек. Тегерегине биригели. Биригүү үчүн ниетибизди, пейилибизди оңойлу, текеберчилик, ичи тардык, көрө албастык, бут тосмой деген жаман сапаттардан арылалы.

1. Адегенде кыргыз интеллигенциясынын каймактары бириккиле! Эки диплому бар, академик деген наамы бар, бирок мээсине топтогон билими элине пайда бербесе ал өлүк билим. Өлкөнү туңгуюктан чыгара турган туура багыт берчү силерсиңер.

2. Акчасы да бар, акылы да бар патриот байлар, бириккиле! Бардык байдын башын кошкула! Кыргыз элинин кыргыз жеринен топтогон байлыгыңар кыргызга кызмат кылсын. Биригип бир ГЭС салгыла, кен байлыкты бөтөнгө бербей завод, фабрика кургула.

3. Бириккиле, ыйман жолунда жүргөн бардык мусулман бир туугандар! Ордо калаабыз Бишкек таштандыга толду. Тазалык ыймандын жарымы дейт, "жихад" деп Сирияга чапкылабай тазалык үчүн, таштандыга каршы жихадга чыгып жалпы аттаналы.

4. Бириккиле өзбек, орус, дунган ж.б. мекендештерим! Биригип бир тилде сүйлөгүлө, силер менин эне тилимди жерисеңер, силер мага "бөтөнсүңөр". Эгер сен кыргызча сайрап турсаң, сен мен үчүн эне тилин билбеген "киргизден" артыксың.

5. Бириккиле өлкөнүн жаштары, келечек силердин колуңарда! Акыркы он жылда эки революция жасап, эки президентти кууп чыгып дүйнө элдерин таң калтырдык. Келгиле эми өлкөнүн экономикасын көтөрүп, шаарыбызды гүлдөтүп, арак, тамеки, насвай деген наркотиктерди "таштанды" сымал сууруп чыгып дагы бар жолу дүйнөнү дүңгүрөтөлү!

Кана кыргыз, сынап көрчү эркиңди,

Эркин сынап, ташка чапкын керкиңди.

Керки сынсын ташка тийип чыркырап,

Же таш сынсын миң бөлүнүп быркырап!

Шайлообек Өмүралиев

XS
SM
MD
LG