Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Фишер: Мекенимдин табиятын сагынам


Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер.
Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер.

Москванын мода чөйрөсүндө Лилия Фишердин ысымы таанымал. Жада калса дүйнөнүн мода борбору эсептелген Парижде анын Lilia Fisher Design бренди өзүнүн чыныгы күйөрмандарын тапты. Кыргызстанда төрөлгөн дизайнер "Азаттыкка" маек курду.

Чолпон-Атада өскөн Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы дизайнерлердин бири. Негизинен баш кийим тигет.

Лилия Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика бөлүмүндө окуп жүрүп, студенттик тажрыйба алмашуу долбоору аркылуу Санкт-Петербургга кокусунан барып калат. Мына ошол сапардан кийин анын тагдырында бурулуш болот. Биротоло Орусияда калып, дизайнерлик кесипти аркалоого бел байлайт.

Бүгүн Lilia Fisher Design бренди назик, саркеч, жаңы үлгүдөгү кийимдери менен таанымал. Ар кыл көргөзмөлөргө катышып, дүйнөлүк мода басылмалары ал тууралуу рецензия жана макалаларды жазып келет. Мындай ийгилиги менен бардык эле дизайнерлер мактана албайт. Лилия Фишер бүгүн 11 коллекциянын автору.

"Азаттык": Дизайнер болууга сизге эмне түрткү болду?

Лилия Фишер: Мен кичинемден эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Өзүмдүн мода долбоорумду ишке ашырганда ошол шыгымдын пайдасы тийди. Башында жөн эле эрмек болсо, кийинчерээк жашоомдун маңызына айланды.

"Азаттык": Эмне үчүн баш кийимдерди тигүүнү тандап алдыңыз?

Лилия Фишер: Баш кийимди туура тандай билүү дагы искусство. Биз ага багыт беришибиз керек. Мен баш кийимсиз жашоону элестете албайм.

"Азаттык": Мода дүйнөсүнөн өз ордун табуу оңой болбосо керек?

Лилия Фишер: Бул кесип менин маңдайыма жазылса керек. Башында кыйналганым менен өзүмдүн ордумду таап, ишим жүрүшүп кетти. Кыйынчылык - бул сыноо. Ийгиликке оңой-олтоң жетүү мүмкүн эмес. Бирок мен атактуу болууга эч качан жан үрөгөн эмесмин. Тек гана өзүмө жаккан ишти жасап жатам. Өзүмө өзүм ишенем.

"Азаттык": Кардарларыңыздын арасында белгилүү адамдар барбы?

Лилия Фишер: Албетте, бар! Шоу-бизнестен саясатчыларга чейин келишет. Орусиядагы "Фабрика" тобунун кыздары, теле алып баруучу Анна Чапман туруктуу кардарларым.

"Азаттык": Кыргызстанды сагынасызбы?

Лилия Фишер: Кыргызстанымдын кайталангыс жаратылышы жетишпейт. Ата-энемди, досторумду жана өзүм окуган университетимди сагынам. Мекениме жыл сайын барып турам. Туулган жер мага өзгөчө эргүү берет.

"Азаттык": Келечекке кандай пландарыңыз бар?

Лилия Фишер: Келечекте өзүмдүн мода үйүмдү ачуу, чет өлкөлөрдөгү ири мода жумалыктарына катышууну жана Vogue журналынын мукабасына чыгууну пландап жатам.

"Азаттык": Дизайнер болууну эңсегендерге кандай кеп-кеңеш бересиз?

Лилия Фишер: Эч качан жеңилбегиле, муңайбагыла демекчимин. Эгер сиздин кыялыңыз болсо – ал кыялыңызга жетүүгө умтулуңуз. "Колуңдан эч нерсе келбейт" дегендерди укпаңыз. Эмгек - кыялды орундатат!




Дизайнер Лилия Фишер: Кыргыз табияты менин илхамым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG