Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

УКТУҢУЗБУ "БАГДАСАР АКЕ", "ОРУС ТОЙ БЕРСЕ ОЙДОГУСУН КЫЛАТ"


(Өтүп бараткан аптанын маданий окуялары)

Бул жумада Кожомкул атындагы спорт ордосунда жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган кийим кечектердин көргөзмөсү уюштурулуп, арзан баада сатылды. Жергиликтүү өнөр жай ишканалар ассосациясынын жетекчиси Сапарбек Асановдун билдиргенине караганда бул көргөзмө жергиликтүү ишканалардын товарларын жарнамалоо максатында уюштурулган.

Шаршемби күнү Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук акдемиялык драма театры Жалил Садыковдун драмасынын негизинде сахналаштырылган “Манастын уулу Семетей” спектакли менен сексенинчи театралдык сезонун ачты. Мындан сырткары театрдын репертуарында Ян Теттердин “Дубал”, М.Байжиевдин “Узак сапардагы поезд”, Р.Оторбаевдин “Тагдыр”, А.Пароняндын “Багдасар аке” комедиясы жана башка спектаклдер бар.

Эмгектин жана согуштун ардагерлеринен куралган Бишкектеги хор жамааты бул жумада жыйырма жылдык мааракесин белгиледи. Иш-чаранын алкагында алардын дарегине куттуктоолор, жылуу пикирлер айтылып, ардак грамоталар тапшырылды. Репертуарында ар улуттун ырлары камтылган бул хор жамааты бир катар фестивалдарга катышып, сыйлыктарга жетишкен. Ошондой эле өлкөдөгү маданий иш-чараларда дайыма өз өнөрлөрүн тартуулап келишет.

Кыргыз эл жазуучусу, котормочу Олжобай Орозбаевге Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик тургузулду. Эстеликти коюу аземине бир катар акын жазуучулар катышып, маркумду эскеришти. Кыргыз элине эмгек сиңирип, көптөгөн чыгармаларды калтырып кеткен Олжобай Орозбаев тирүү болгондо быйыл сексен алты жашка чыкмак.

Бул жумада эстрада ырчысы Фарида Карбозова улуттук филармонияда алгачкы жеке концертин тартуулады. Эки күнгө созулган бул кечени бир катар ырчылар жана бий топтору коштоду.

Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда кечки саат алтыда “Досум Усөн” тобунун көркөм жетекчиси Юрий Бобков 50 жылдык мааракесине арналган “Орус той берсе ойдогусун кылат” аттуу концертин берет. Концертте Юрий Бобковду куттуктап бир катар куудул-ырчылар келишет.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG