Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Мидикең Биринчи катчы Исхак Раззаковго "каяша" айтканда


Кыргыздын чыгаан сатириктеринин бири Мидин Алыбаевдин (1917-1959) Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы Исхак Раззаковдун кабылдоосундагы сөзү тууралуу маркум Амантур Акматалиевдин эскерүүсү.


...1953-жылдын март айлары чени.

“Мидин Нарынга келиптир” деп уктук.

Мугалимдер институтунун үч-төрт студенти “Тянь-Шань правдасы” гезитинин редакциясына келдик.

Тегерек тарткан топ кыраан каткы күлкүгө баткан.

Башында эскилиги жеткен кара тумак, эски тыбыт моюнорооч, кара чокой, көзүнүн алды шишимек тартып, ортодо Мидин сайрап турат.

- Күндөрдүн биринде Райкан (Райкан Шүкүрбеков, 1913-1964. – ред.) экөөбүздү Борбордук Комитет чакырып калды. Ээрчишип жөнөдүк.

Экөөбүздүн кылык-жоругубуз эчак эле белгилүү болуптур.

Биринчи (катчынын) алдында маалымат жатат.

Жолдош Исхак Раззакович экөөбүздү алмак-салмак карап алды.

Карап туруп:
- Сиздер эл тааныган акындар болуп туруп, эмне үчүн аракты көп ичесиздер, жолдоштор? – деди.
- Жок, Исхак Раззакович! Биз вино гана ичебиз.
- Арак менен винонун айырмасы кайсы?
- Айырмасы жолдош Орозалиев менен Жакишовдой, - дедим эле, чоңдор күлүп калышты.

(Анда Керимкул Орозалиев өзү да отурган. Ал БКнын идеология боюнча катчысы, Жакишов – КыргызТАГдын бир өңүрүн жетектеген кызматкер эле. Бирөө өз атасынын, экинчиси – чоңатасынын атына катталып алган жакын туугандар экен).

Сырткы түрүбүзгө көз жүгүртүп алып:
- Көп ичет окшойсуңар? – деди Биринчи катчы.
- Жок, Исхак Раззакович! Аз эле ичебиз. 100 грамм. Анан өзү эле андан ары алып жүрүп кетет.
Кайрадан каткырык жаңырды.

- Үй-бүлөчүлүк да анча ынтымакта эмес ко? Үч аял кетирипсиз, ушул чынбы?
- Мен бир эле аял кетиргемин.
- Экөөнүчү?
- Экөө кайра мени кетирген, Исхак Раззакович!
Кайрадан жапырт күлүп калышты.


А.Акматалиев.

* * * * *

“Азаттыктын” Кыргызстандагы алгачкы жергиликтүү кабарчыларынын бири, журналист, этнограф, публицист Амантур Акматалиевдин (1934-2002) бул эскерүүсү Бекмырза Рахман уулу Жекембаевдин “Куйкум сөздүү куудулдар” жыйнагына (Бишкек, 2002, 64-65-беттер) жарыяланган.
XS
SM
MD
LG