Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Бакиев ишенген губернатор бүгүн таксист


Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Супер инфо” гезити тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “Ажонун ата-бабалары Баткенден Чүйгө кантип келип калышкан?” деген үч беттен турган көлөмдүү макаласын жарыялады.

“Эркин тоо” гезити Кыргызстанда 87ге жакын чакан ГЭС курса болорун, антикризистик фонд Камбар-Ата-2 ГЭСине 80 миллион доллар кредит бөлгөнү жатканын кабарлады. Гезиттин ушул эле санына билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын түз байланыш аркылуу элге берген жооптору басылды. Бул санда кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын “VIII кылымдагы кыргыз ажосунун айкели Ши-Ан шаарында” деген макаласынын уландысы, Чоң Чүй каналынын куруу тарыхы, боз үйдүн жасалгасына арналган макала, Айша Карымшакованын таланттуу тилчи, филология илимдеринин доктору Таалайбек Токоев тууралуу жазганы, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Талант Бектургановдун маеги жана башкалар бар.

“Фабула” гезити Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген Нурсулуу Ахметова ишинен бошотулуп, ордуна жаңы эле мэрликтен кеткен Кубанычбек Кулматов, Эсеп палатасынын башчылыгынан бошогон Элмира Ибраимованын ордуна экс-депутат Абдыманап Кутушев келет деген кеп тараганын, ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков кетип, ордуна кезинде президенттин жансакчысы да болгон Улан Исраилов келгенин, Бакиевдин доору жүрүп турган маалда Ысык-Көл облусун башкарып, кийин кылмыш иши козголуп камакка алынарда Америкага кире качып жок болгон Кыдыкбек Исаев ушу кезде АКШнын Виржиния штатында таксист болуп иштеп жатканын кабарлады. Журналист Тынчтыкбек Алтымышев макаласын “Өкмөт өзү уурулукка шарт түздүбү?” деп атап, “Техникалык жоготуу деген “технично уурдоо” дегендик, “Коммерциялык жоготуу” деген "кулкунга куюу” дегендик деп, “акылдуу эсептегичтин да арты бүдөмүк экендигин” белгилөө менен энергетика тармагынын айрым маселелерин талдоого алды.

“Де-факто” гезити Ат-Башынын Баш-Кайыңды айыл кеңешинин депутаты Абдылдабек Бокоевдин “Мамлекеттин акчасын жеген майда чиновниктер жоопко тартылбайбы?” дегенин, профессор Кадыркул Даутовдун Эл акыны Анатай Өмүрканов тууралуу жазылган “Кандай акын ориганалдуу акын болот же Анатайдын ачылышы” деген макаласынын уландысын, Аман Иманалиевдин “Кыргыз эл сыймыгы Абдиламит Матисаков 60 жашта” деген теманын алдында Кыргыз Эл баатырлары Бексултан Жакиев менен Миталип Мамытовдун, Кыргыз эл жазуучулары Кеңеш Жусупов менен Султан Раевдин, Кыргыз Эл артисти Тамара Жаманбаеванын,депутат Каныбек Иманалиевдин, белгилүү журналист Мундузбек Тентимишовдун таланттуу жазуучубузга айткан каалоо-тилектерин жарыялады.

“Жаңы агым” гезити журналист Келдибек Назировдун жалаң тууган-туушкандардын тобунан куралган мамлекетибиздин мамлекеттик кызматтарын май токочко айланткандар тууралуу макаласын тартуулады. Автор бүгүн совет мезгилин канчалык жамандабайлы, ал учурда мамлекеттик кызматка келе турган кадрлардын билими, адамдык абийири, ыйманы текшерүүдөн өтүп, анан чоң кызматта иштеген кадыр-барктуу үч адамдын кепилдиги менен кызматка алынып, анан сыноо үчүн адегенде алыскы райондорго жиберилип, өзүн иш менен көрсөткөндөн кийин гана кызматтан кызматка өсүп отурганын, эгемендик келген доордон баштап бул эреже бузулганын, кызматка алуу тууганчылык, жердешчилик, тааныш-билиштик жана акча деген, өлкөнү өстүрмөк тургай өлтүрүп жок кылуучу ыплас эрежелер менен чечилип келатканын белгилеп, мунун мисалы катары кечээ аталары чоң болгондордун бүгүн балдар-кыздары чоң болуп, майлуу жерлерди майкандап отурганын жазып чыкты.

“Кыргыз туусуна” Нарынкүл Назаралиеванын “Алп акын 75 жашка чыкмак” деген ат менен кыргыз поэзиясынын чолпону Турар Кожомбердиев тууралуу макаласы жарык көрдү. Кыл тамырчы Дүйшөнбек Чотон уулунун кыргыз кымызынын дарылык касиеттери тууралуу айткан кеңештерин окуйсуздар. Журналист Бермет Маткеримова көзү көрбөй, окуй албай калган майыптар үчүн Брайлдын рельефтик-чекиттик ариби менен кыргыз тилин үйрөнүү боюнча окуу куралдары басылып чыкканын чакан кабарында маалымдады. 2005-жылдын 24-мартында бийликке Бакиевдер келгенин, анын келиши дүйнөгө белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновдун өлтүрүлүшү менен белгиленгенин, 10-июнда чак түштө депутат Жыргал Сурабалдиев атылып, 14 ок жегенин, андан кийин депутат Баяман Эркинбаев менен спортчу Санжар Кадыралиев, депутат Тынычбек Акматбаев жансакчысы менен өлтүрүлүп, кишини тындым кылып коюу бийликтин “эрежесине” айланып, бийликтин жогорку тепкичинде олтурган Медет Садыркулов Жаныш Бакиев тарабынан мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлүп, анан өрттөлүп жок кылынганын кеп кылып, өткөн кайгылуу окуяларды дагы бир ирет кайрадан элдин эсине салды.

Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезити “Тынчтыктын дини экстремизмди жеңет” деген макала басып, кечээ Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун бул ирет түрк тилинде жарык көргөн “Мухаммед пайгамбар” аттуу китебинин бет ачары болуп өткөнүн, салтанатка катышкан бишкектик генерал-майор Анатолий Скаргин: “Мындай китептер ар кандай адамдарды динине, дилине карабастан баш коштуруу кудуретине ээ” деп айтканын, Эрматовдун китеби Мухамед пайгамбардын туулганынан өлгөнүнө чейинки баскан жолун баяндарын, буга дейре кыргыз тилинде үч жолу басылып, каны жерге тамбай тарап кеткенин, эми түрк тилинде жарык көрүп, казак, өзбек тилиндеги котормосу даярдалып коюлганын, китепти орус жана англис тилдеринде которуу тууралуу сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG