Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кедей кыргыз чүпүрөк-чапыракка миллиарддаган акчаларды коротот


Базары жакын байыбайт.
Базары жакын байыбайт.

Бүгүн “ПолитКлиника”, “Ачык сөз”, “Азия ньюс” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити жаңы санын Дилбар Алимованын “Кыйраган учактын аныкталбай жаткан сырлары” деген макаласы менен ачып, комиссия текшерип жаткан жүктүн айланасындагы талашты талдоого алды. Ушул эле санга Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалаев кызынын айланасындагы ызы-чууга карата түшүндүрмө берип, кызына байланыштуу ага да чабуул жасап жатышканын, интернеттеги билдирүүлөрдү кызы жазганына ишенбей тургандыгын, кызы былтыркы чырдан кийин аябай жаман болуп, бүгүнкүгө дейре ошол абалдан чыгалбай, кенедей бир нерсе болсо эле бүт дүйнөгө нааразы болуп жүргөнүн, ошондон улам ооруканага да жатып чыгып, андан кийин ата-энесине таарынып үйдөн чыгып кеткенин, анан чет өлкөгө кетип, азыр өз алдынча батирде турарын, анын жасагандарына эч нерсе дей албастыгын, ар бир ата-энеде бала барын, Алла таала эчкимдин башына мындайды салбаса экен деп гана тилек кыларын билдирди.

“ПолитКлиника” гезити Гүлшайыр Сабырбекованын “Билим берүүнүн сапатын “Акылдуу мектеп” көтөрмөк” деген макаласын, журналист Бермет Букашеванын “АКШдай болуу үчүн кыргыз саясатчыларында көралбастык жоголушу керек” деген маегин, футболчу кыз Назик жөнүндө Гүлшайыр Сабырбекованын баянын, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин “Кыйноо болуп жатат десе, ал маалыматты жаап-жашыра албайбыз да” деген маегин окуйсуздар. Ушул эле санда белгилүү журналист Султан Жумагуловдун кедей кыргыздар эртең эле кейпинен кетип, бир кийилип же кийилбей кала берчү чүпүрөк-чапыракка же кийитке миллиарддаган акчаларды коротуп, коңшулардын экономикасын кантип көтөрүп жатканы тууралуу өтө актуалдуу маселени козгогон “Кыргыз жана кийит” деген аталыштагы, ар бир кыргыз окуп, ойлоно турган макаласы жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезити депутат Аида Салянованын “Индира Жолдубаева мыйзамды бурмалоого өтсө, Жылдыз Мамбеталиева калп айта баштады” деп маек куруп, ага козголгон кылмыш иши буюртма экенин, ал эч качан элдин алдында түшүндүрүп бере албай турган, мыйзамга туура келбеген нерсе жасабаганын, бул жагынан “өч алам” деген адамдарга айтары, мындай убарадан майнап чыкпастыгын билдирди. “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Акматбек Келдибеков “Мен түрмөдөн Сталиндин, Ли Куан Юнун, Нельсон Манделанын өмүр баяндарын окуп, адилеттүүлүктүн терең маанисин түшүндүм” деген ат менен эки беттен турган кенен маек курду. “Азия ньюс” мындан тышкары саясый илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун “Касымов Акаевди мактап туптуура 45 мүнөт сүйлөгөн” деген аталыштагы макаласы жарык көрүп, академик Абдыганы Эркебаевдин Акаев учурунан берки саясаттагы, илимдеги, жөн эле жашоо турмуштагы туу туткан позициясы, адамгерчилиги, тазалыгы, башкаларга окшоп булганбагандыгы тууралуу кенен кеп кылды. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, Кыргыз эл артисти, профессор Тенти Мураталиевдин атактуу окуу жай тууралуу, академик Сабыр Жумабековдун “Кувейттиктер Кыргызстанга келип операция жасатмай болушту” деген маектери да бар.

“Ачык сөз “ гезити бул санын “Амановага ичи бышкандар” деген баштема менен ачып, Кыргыз эл артисти Роза Аманова тууралуу журналист Жора Сулаймановдун “Ар ким өз бактысы үчүн күрөшөт” деген макаласын басты. Журналист Адылжан Жажанов “Тажикстандагы боордоштор” деген макаласында коңшу өлкөнүн Согди облусундагы кыргыздар тууралуу баяндады. Акын Керимбек Кадыракунов бир кезде өзү менен чогуу иштешкен, элдин урмат-сыйына ээ болгон ошол кездеги мамлекеттик, чарбалык ишмер, кандай иш болсо иштин майын чыгара иштеген Кубанычбек Сыйданов тууралуу сөз кылды. Акын Тынчтыкбек Нурмамбетов тууралуу Төлөгөн Абасовдун “Залкарлардын урпагы” деген, акын Бактыгүл Чотурованын Калык Акиев тууралуу, Адылжан Жажановдун эки хан чыккан айыл тууралуу, белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбековдун сандан санга жарык көрүп келаткан “Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда” аттуу роман-тымсалынан үзүндүнү окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG