Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Кара-Кулжада малды чөөлөр жеп атат


Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы пикети.
Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы пикети.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасы Сооронбай Жээнбеков менен Темир Сариев болууда. “Багыт” гезитиндеги “Кадам ушул” аттуу макаласында Баратбай Аракеев Орусия чынында эле бизге күйгөн, алдап кетпей турган ишенимдүү мамлекет экендигин, “бир тууган” деп кылымдар айтылып келаткан Казакстан менен Өзбекстан кийинки жылдары “өнөрлөрүн” жакшы эле көрсөтүшкөнүн, бирок кандай болсо дагы орустар менен мамилени теңата болуу менен сактап жүрүү керектигин жазды. Автор андан ары Темир Сариевге токтолуп, ага асылгандар тилегине жеткенин, жардам берүүнүн ордуна кутумдарды уюштуруп, акты кара деген деген жолго өтүп, акыры кызматынан кетирип тынышканын, канткен күндө дагы Сариев билимдүү, түшүнүктүү, кандай иш болсо дагы өтөсүнө чыгара турган инсандыгын, анын мамлекетке кереги тийчү мезгили алдыда тургандыгын кеп кылды. Автор макаласынын аягында эшек саткандардын эсебин качан табабыз, деп жанагы “халал” деп жанталаша акча тапкандар эмне үчүн эшектин этин саткандарга катуу чара көрүлсүн деп ар түрдүү акцияларды уюштуруп, айыптап чыгышпайт деп жазды.

“Багыттын” жаңы санында саясат талдоочу Марс Сариевдин “Жээнбековду түштүктөгү электоратты жоготуп албоо үчүн алып келишти” деген ат менен Айбек Шамшыкеевге берген маеги, Жыпар Жекшеевдин “Парага сунушташкан эки чемодан толо акча алып...” деген маеги, Айбек Шамшыкеевдин “Криматалык” Рыспек Акматбаев” деген макаласынын уландысы, депутат Руслан Казакбаевдин “Жакында өзүбүзчө жыйын кылабыз, анын баарын ошондо угасыңар” деген маеги, Назгүл Осмонованын Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева тууралуу баяны, коомдук ишмер Тилектеш Ишемкуловдун генерал Орозалиев тууралуу “Элим дегенде күйүп-жанган инсан” деген макаласы жана башкалар бар.

“Майдан” гезити Токтогулдун Үч-Терек айылына караштуу жерде чакан суу сактагыч курулуп жатат” деп, “Кара-Кулжада малды чөөлөр жеп атат" деп, Чоң Алайда дайынсыз жоголгон чегарачынын ата-энеси Акүй алдына митингге чыкты” деп кабар таратты. Жакында белгилүү журналист кызыбыз Жаңыл Жусупжан тарткан “Каратегинден кат” деп аталган документалдуу кинонун бет ачары өтүп, көрүүчүлөр аябай ыраазы болуп кайтканын, белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз фильмден кийин сөз сүйлөп: “Тасмадагы ар бир кадр жан дүйнөсүн удургутуп, жүрөгү аркылуу өткөнүн, кыргыз элинин чачылган тарыхы эсине түшкөнүн, фильмдеги “Экөө өлсө бири көмөт, жалгыз өлсө кими көмөт? Экөө өлсө бири жубат, жалгыз өлсө кими жубат?” деген сөздөр жүрөккө тийип эле эмес, тилип өткөнүн, кыргыз элинин эң басымдуу бөлүгү Кыргызстанда жашап тургандан кийин Жергеталдык жердештерибизге жардам бере турган мезгил жетти” деп айтканын, Жаңыл Жусупжан кызынын бул кинотасмасы тарыхый мекенинде өгөйлөнүп жашап жаткан кыргыздардын трагедиясын чагылдырып, адамдарга коңгуроо каккан мыкты тасма болгонун жазды.

“Майдандын" бүгүнкү санынан ошондойле Нургазы Анаркуловдун “КСДП тумчугууда! Аба жетпей калдыбы?” деген макаласын, жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин Сариев Темир тууралуу макаласын, эксперт Расул Үмбөталиевдин “Сариев баштаган өкмөт эң чабал жана мажирөө болду” деген, Равшан Жээнбековдун “Бийликке Сариевдин президенттик жарыш алдында Кремлге жакындап кеткени жакпай калды” деген, экс-депутат Мурат Жураевдин “Премьер-министр ким болсо, президент болуу мүмкүнчүлүгү чоң” деген маектери, Сариев жөнүндө ой-пикирлердин топтому, укук коргоочу Качкын Булатовдун “Пара алуу, уурулук -Кыргызстанда көндүм көрүнүш” деген макаласын, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун “Казакстанда камакта жаткан 15 кыргыз жаранынын тагдырын ким ойлойт?” деген аталыштагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу катын жана башкаларды окуйсуздар.

“Көк асаба” гезити бүгүнкү санына “Тарыхый туубуз кандай болгон?” деген ат менен макала басып, айтылуу “Манас” эпосуна кайрылды. Туу боюнча айрым адамдардын ойлоруна орун берди. Окурман журтун туу боюнча талкууга чакырды. “Ашар” козголушунун төрагасы Садыр уулу Жумагазынын “Ажар жана Кырк Шейит” деген баяны басылууда. Анипа Айдаралиеванын “Кайната кадырын тебелеген келин” деген макаласы, этнограф Абдымиталип Мурзахмедовдун “Жандыктар кайсыл тилде “сүйлөшөт” аттуу макаласы, Ишеналы Арабаев атындагы университеттин окутуучусу Назгүл Рысмендееванын сандан санга жарыяланып келаткан улуттук оюндар тууралуу макаласынын бул ирет “чүкөгө” арналган бөлүгү жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити Ош облусунун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке сунушталып жатканын, эгер ал шайланып калса бир тууганы Асылбек Жээнбеков спикерликтен кетерин, ар кайсыл жыйындардан укуктук мамлекет экендигибиз жөнүндө, баарынан мыйзам жогору турары жөнүндө жетишерлик укканыбыз менен акыйкаттыкка жетиш ушунчалык оор экендигин жазып чыкты.

Ушул эле санда кечээ укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жана Өндүрүш Токтонасыровдор пикетке чыкканын, ошондой эле кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG