Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Шамал, сүйүү, күү...


Беш актер аткарган оюн - эксперименталдык спектакль
Беш актер аткарган оюн - эксперименталдык спектакль

Азыркы театрга көрөрманды тартуу аракетин Бишкектеги көчмөн театр, туруктуу имараты жок “Сахна” чыгармачыл жамааты ийгиликтүү аркалап келатат. Жакында бул топ Бишкектеги жаштар театрынын сахнасында “Шамал ыры” аттуу жаңы оюнду сунуштады.

Эл оозунда айтылып жүргөн дастанда Ысык-Көлдө илгери Улан аттуу уста жигит ашыктыктын отуна чыдабай, аскадан учуп өлүп, шамалга айланып кеткени баяндалат. Анын спектаклде Аккуу аттуу кызга болгон махабаты ыр-бийдин синтези, ийкемдүү пластика аркылуу көркөм чагылдырылып, кыз-жигиттин бири-бирине болгон жалындуу сезими - оюндун башынан аягына чейин көрөрмандын көңүлүн өзүнө кадап койо бербейт. Жада калса сахнанын так ортосуна орнотулган темир түтүктөрдөн куралган аска-зоо, андан чыккан добуштар, сербиялык жана авангард стилиндеги музыка, кыргызча лирикалуу ырлар – баары тең ушул башкы сезимди баяндоого кызмат кылат.

Шамалга айланган Улан менен Аккуунун махабат дастанын сахнада ыр-бийге чырмалган алты актердун бири, актриса Кенже Сатыбалдиева баяндайт. Алты актердун баары тең ашыктыктын отун, сүйгөн кызынан айрылган Уландын тарткан азабын, тал чыбыктай ийилген жаштык менен сулуулуктун айынан канкор ханга жем болгон Аккуунун туткундагы кусалыгын авангард музыка, темир түтүктөрдөн чыккан добуштар, пластикалык кыймылдар аркылуу туу чокусуна жеткирип, күйүп өрттөнгөн сезим аягында шамалга жана ооз комуздун күүсүнө айланып жок болот... Жок болбойт, арабызда айланып жашай берет.

Кыялбек Урманбетов
Кыялбек Урманбетов
Жүз чакты кишини батырган театр залында орундук калбай, оюнду баштан аяк тикесинен тик туруп көргөн ондогон адамдар да болду. Азыркы театрдын татаал стилин көркөм тилге салган акын, драматург Кыялбек Урманбетовдон оюндун идеясы кандайча жаралганын сурадык.

- Башында режиссер Нурлан Асанбеков келип, ооз комуздун жаралышы тууралуу бир уламыш уктум эле. Ошону бир сахнага алып чыгып, элге жар салбайлыбы. Антпесек, ооз комузду деле, боз үйдү деле казактар биздики деп менчиктеп кете турган болду, ушул улуттук символдорубузду жоготуп албайлы деп сунуштап калды. Нурлан экөөбүз ошол уламышты сахнага чыгаруунун үстүндө иштеп атып, ушул оюн жаралды. Аны көркөмдүүлүк жактан ийине жеткириш үчүн атактуу испан акыны Хуан Рамон Хименестин ырларын да которуп коштук арасына.

Режиссер Нурлан Асанбеков “Сахна” көчмөн театры азыркы көрөрмандын эстетикалык табитин өстүрүп, кыргыздын байыркы уламыштарын азыркы музыка, бий аркылуу жандантуу аракетин көрүп жатканын айтат.

Кенже Сатыбалдиева ыр менен баяндалган дастанды жатка окуп, сахнада ырдап-бийлеп да жатты
Кенже Сатыбалдиева ыр менен баяндалган дастанды жатка окуп, сахнада ырдап-бийлеп да жатты
- Мурунку эски ыкмадагы спектаклдерди эле койо бергенде, айрыкча кыргыздын байыркы улуттук материалдары абдан жөнөкөй, жупуну көрүнгөндөй болуп калып атат. Көрөрман ишенип, жан дүйнөсү менен кабыл алгыдай деңгээлде болбой жатат. Театрдын өзүнүн стилистикасы, формасы бар. Салыштырмалуулук, шарттуулук деген ыкмалардан пайдаланып, залдагы көрүп отурган адам мазмунду тереңирээк кабыл алып, ойлонуп түшүнгүдөй кылып бергибиз келет. Азыр жаштар театрдан алыстап кетпедиби, аларды тартуунун ар кандай формаларын издеп жатабыз.

Нурлан Асанбеков өз максатына жетти, театрга киши ашыгы менен толду, “Сахна” театры – “Шамал ыры” сыяктуу кыргызча баяндалган оюнга азыркы жаштарды, керек болсо кыргызча сүйлөбөгөн, түшүнбөгөн ар башка улуттагы аудиторияны тартып жатканына күбө болдук. Анткени алар азыркы кыргыз театрынын жаңы үлгүсүн, жаңычыл идеяларын көрүүгө ынтызар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG