Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Алайдын ажайып куурчактары

Алай районунун Сары-Могол айылындагы "Ууз-Даткалар" коомдук бирикмеси кыргыз куурчактарынын коллекциясын чыгарды. Улуттук кийимдер куурчактар үчүн атайын тигилген. Коллекцияда жети куурчак бар. 

"Жаштарга маалымат жеткирүүдө биз жөн эле куурчактарды жасоо эмес, ал аркылуу кыргыз аялдарынын коомдогу ордун, улуулугун, назиктигин, каада-салттардын сакталышына жана тарыхка кошкон салымдарын көрсөткүбүз келди. Кыргыз эли ар дайым аялдарга өзгөчө малиле жасашып, кадырлап сыйлап келишкенин чагылдырганга жана ар бир кийимдин философиялык маанисин ачып бергенге аракеттендик", - деди “Ууз-Даткалар” коомдук бирикмесинин координатору, салттуу билимдер боюнча изилдөөчү Шарипа Ташкулова.

Кыргыз аялдарынын образын чагылдырган бул куурчактардын “Аял – аалам ажары” аталышындагы каталогу жакында жарык көрдү. Ал эми куурчактардын кооз сүрөттөрү Зафер Динчерге таандык


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG