Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы»


Элге кайрылуу жазарда өзүмдү Президентмин деп элестеткен жокмун. Бирок бул текстти президентке даярдап жазып жаткандай сезип жаздым. Анткени, президентке сөзсүз түрдө алдын ала элге арналган куттуктоо сөзүн даярдашат. Ал эми эмне үчүн мен өзүмдү президенттин ордуна коюп жазган жокмун? Себеби, биз Орто Азия боюнча биринчи Президент айым койдук. Биз ушинтип коңшулаш өлкөлөргө үлгү көрсөттүк. Бирок мен президенттикке айымды 50-60 жылда бир коюш керек деп эсептейм. Ошентсе дагы, мага элдин алдында чыгып сүйлөөгө президенттей мүмкүнчүлүк берилсе, мен анда мекендештериме төмөндөгүдөй кайрылуу жасамакмын:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мына бүгүн Кыргызстандын жаңы тарых барагы ачылган күн. Бул күнү Кыргызстан 23 жашка толот. Жыйырма үч жыл мурда Кыргызстан жаңы төрөлгөн наристедей болсо, бүгүн бутуна туруп калган эгемендүү мамлекет.

Эгемендикти алгандан кийин бир топ кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Анын баары Кыргызстандын жаңы тарых барактарында жазылып калды. Экономикалык жактан бир аз алсырадык, элибиз жокчулук, жакырчылыкка да кабылып, ушул жылдар аралыгында эки революцияны баштан кечирип, бир топ азаматтарыбыздан да айрылдык.

Бирок канчалаган кыйынчылыктар башка түшсө да, элибиздин сабырдуулугу жана келечекке ишеними менен кыйынчылыктарды жеңдик. Ошондой оош-кыйыш учурларда элибиз бири-бирин биригүүгө чакырып, жакшы жактарга үндөп, мамлекеттин сакталып калышына өбөлгө түзүштү.

Урматтуу мекендештерим!

Биз Кыргызстандын өнүгүп кетүүсүнүн ар кандай жолдорун, ал аралыкта, саясий элитаны түзүү жолдорун издеп келдик. Мамлекетибиз эми гана бутуна туруп, кетирген кемчиликтердин үстүндө иштөөгө өттү. Жасап жаткан иштердин жыйынтыктары байкала баштады. Коррупция менен күрөшүүнү элибиз да колго алып, жардам берип жатат. Мамлекеттин эсебинен жашаган бир топ аткаминерлер өз жазасын алышты. Айлык-акы, пенсиялар бир аз болсо да көтөрүлдү. Дагы эле болсо жарандарыбыздын суроо-талаптарын колдон келишинче аткарып келе жатабыз.

23 жаш курактагы адам баласы токтолуп калган, жашоого олуттуу көз карашта болгон, орду менен сүйлөгөн, башка адамдар ал менен эсептешип калган убак. Жаштыктын күчү толуп турган бул куракта Манас атабыз кырк чоро топтоп, элди биримдикке чакырып, эр жигит болуп калыптанган. Ал эми В.И.Ленин дал ушул куракта инсандык жактан калыптанып бүтүп, чоң иштерге аралаша баштаган. Илим жаатынан, Исаак Ньютон гравитациялык теорияны 23 жашында ачканын окумуштуулар изилдешти. Ал эми бүгүнкү күндөн мисал келтирсем, Марк Цукерберг ушул курагында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Буларды мен эмнеге мисал келтирдим? Демек, биздин мамлекеттин да өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөгө аралашуусуна, башка мамлекеттер биз менен эсептешип, теңтайлаша турган убак экенин билдиргим келди. 20 жылдан ашык ойноп келген саясий оюндарды токтотуп, мамлекетибиздин гүлдөшү үчүн, элибиз ток жашашы үчүн иштешибиз керек. Өзгөчө өсүп келе жаткан жаш муундарга колдоо көрсөтүп, аларды кетирген кемчиликтерди кайрадан кетирбөөгө үйрөтүп, Кыргызстанды келечек ээлерине татыктуу тапшырып беришибиз керек!

«Элуу жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы», - дейт элибизде. Мына бүгүнкү жаштар жаңы муун. Алардын ой-чабыты андан мурдагы муундан өзгөчөлөнүп турат, өлкөнү жакшы жакка өзгөртүп салууга терең ишенишет билимге умтулган жаштар. Тилекке каршы, көптөгөн билимдуу жаштарыбыз дагы терең билим алуунун максаты менен чет өлкөлөргө кетип, ошол бойдон билим алган өлкөсүндө калып жатышат. Бирок алардын көбүнчөсү чет өлкөдөн тажрыйба топтоп, билим алып, кайрадан алган билим жана тажрыйбасын мекенине иштеп берүү максаты менен кетип жатышат. Өсүп келе жаткан жаңы муунду билим алууга, ар кайсы тармакта ийгилик жаратууга үндөп, алардын жакшы иштерине шарт түзүп берип, колдоо көрсөтүп турушубуз керек. Анткени, Кыргызстанды эртең туура ой жүгүрткөн, акылдуу, билимдүү, адилеттүү, калыс адамдар башкарышы керек!

Урматтуу бир туугандарым!

Элибизде жакшы сөз бар: «Сабырдын түбү – сары алтын» деген. Бүгүн бизге сабырдуулук, ынтымак жана тынчтык керек. Өнүккөн Кыргызстанды куруу – ар бирибиздин колубузда. Баарыбыздын кыялыбыз да, максатыбыз да бир. Бул – гүлдөгөн, өнүккөн Кыргызстан. Кудай буюрса, биз ал кыялыбызга жетебиз. Дүйнөнүн тарых барактарын окуп жатып, бир нерсени түшүндүм: ар бир мамлекеттин кайсы бир учурда гүлдөгөн доору болот экен. Учурунда, Египет, Греция деген мамлекеттер алгачкылардан болуп мамлекет түзүп, гүлдөп турган, андан кийин да, ошол эле кылымдарда да канчалаган улуу империялар, державалар, хандыктар пайда болуп, кийин кулады. Кезинде, Англия деле канчалаган мамлекеттерди колония кылып, Монголия дүйнөнүн жарымын басып алып, кайра бир топ жылдардан кийин аты чыкпай калды. Өз доорунда гүлдөгөн мамлекеттердин көбү бүгүнкү күндө туристтердин келүүлөрү менен жан багып турушат. Балким, Кыргызстан дагы азыр жаңылануу доорунда… Манас атабыздан бери алганда, Барсбек каган,Тагай бий деген тарыхый инсандарыбыз Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, кыргыз урууларынын биригүүсүнө чоң салымдарын кошушкан. Ал тургай, тарых маалыматтарында 9-10-кылымдарда Улуу Кыргыз мамлекетин түзгөндүгүбүз далилденген. Балким, бизге да тыныгуу келип, эми болсо кайрадан жаралуу болуп жаткандыр. Ошондуктан, кыргыз элим, дагы деле сабырдуу боло туралы. Мамлекет үчүн иштеген мезгил келди, баарыбыз бирге, ынтымактуу иш алып баралы. Биргеликте иштеп, кийинки урпак сыймыктанчу өлкөнү жараталы.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү эгемендүүлүк күнү менен жалпыңыздарды куттуктайм!

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ийгиликтерди, бакубат жашоо жана бакыт-таалай каалайм! Элибизде биримдик, ынтымак болуп, эл ичинде көптөгөн ийгиликтер жаралып, жерибиз гүлдөп, өлкөбүз өнүксүн! Эл ичинен чыныгы элдин уул-кызы болгон азаматтар чыгып, Кыргызстанды даңазалай турчу экинчи Манас атабыз менен Чыңгыз атабыз жаралсын! Ар бир үйгө кут конуп, бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстан чыныгы бейиштин төрүнө айлансын!

Кыргыз Республикасынын жараны, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 4-курсунун студенти Болотбек кызы Жылдыз.

XS
SM
MD
LG