Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:10

Кыргызстанды сабагы жоон, бийик өскөн талга айландыралы


Урматтуу Эгемендүү кыргызстандыктар, майрамыңыздар менен!

Кылымдан кылым жашап, дүйнө тарыхынын тамырынан кенен орун алып, кыргыз улутунун учугун улап, муундан муунга кыргыз тилин сүйлөтүп, ата-бабабыздан калган салт-санаабызды унутпай, дүйнө элине даңазалап жашап келе жатабыз. Тарыхка кайрылсак, Кыргызстан эгемен жолунда оор сыноолорду, кыйын кезеңдерди, талап-тоноону башынан өткөрдү. Эгемендүүлүккө жаңыдан жетип, жаш теректей көкөлөп өсүп, жаңыдан бүчүр байлап, экономикасы өнүгүп, келечекке жол ачып, өнүгүп келе жаткан жылы, коррупциянын сапаты жок окшош бийликтин бутагы болуп эки ынкылапты өткөрдү. Кыргызстан бийлик бутагы көп буталбаган, суу жетпей суусаган, жүдөп, дөңдө өскөн талга окшошту. Көрө албастын көзү тийип мамлекетти экиге бөлгөндөр, серепчи менен добушун акчага саткан себепчи көбөйдү. Келгиле, куурап бара жаткан талдын түбүнө суу куюп, кол тийбестиги бар бийлик бутактарын кыйып, тазалап, келечекке кенен жол ачып, тамырын түптөп, Кыргызстанды сабагы жоон, бийик өскөн талга айландыралы. Мына ошондо Эгемендүү Кыргызстан дүйнөдөгү көп улуттарды түндүк алдына ынтымакка чогултуп, койнуна жылуу бөпөлөп, келечегине кенен жол ачып берет. Экономикасы бай, дүйнө таанымы өнүккөн, коңшу өлкөлөр менен достук мамилесин жоготпой, эриш-аркак туруктуу жашай алат.

Жумалиев Орозбек Бузурманкулович

Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG