Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Жашасын Кыргыз мамлекетим!


Биз куттуу Кыргызстандын эли, элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларыбызды эске салып, адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан эркин демократиялык мамлекет кура турганыбызды тастыктап, Кыргыз мамалекетин өнүктүрүп өстүрүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз! Манас атабыздын 7 осуятына таянып, бирге иш алып барууга бирге бел байлайлы. Кыргыз элиме, жериме эмне жетсин, бизде бардыгы бар, андыктан Келечек үчүн Талыкпас эмгек талап кылынат! Кыргызстан эли Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 23 жылдыгын белгилеп жатып, Кыргызстандын бир үй-бүлөдөй ынтымактуулугун сактайлы, кыргыз болуп жаралганыбызды барктайлы, Кыргыз мамлекетибиздин өнүгүп өсүүсүнө сен дагы, мен дагы салымыбызды кошуп милдет алалы.
Жашасын Кыргыз мамлекетим!!! Жашасын Кыргыз мамлекетим!!! Жашасын Кыргыз мамлекетим!!!

Азамат Бегиматов

XS
SM
MD
LG